Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырды

Чыныбай Турсунбеков ошондой эле спикерликти тапшырганы менен, саясаттан четтебей турганын белгиледи

833767
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырды. Спикер төрагалыкты тапшырганын парламент жыйынында билдирди. 

Ал -"Ушул жылы саясатка келгениме жети жыл болду. Бул убакыттын аралыгында партиянын жетекчиси, фракция лидери катары иштедим. Андан соң позиция, оппозиция дебей төрага болуп иштеп бердим. Идеяларды ишке ашырууга жети жыл аздык кылат экен. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем, - деди. 

Чыныбай Турсунбеков ошондой эле спикерликти тапшырганы менен, саясаттан четтебей турганын белгиледи. Белгилей кетсек, Турсунбеков 2016-жылдын 27-апрелинде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.



Тектеш кабарлар