Азия оюндарында кыргыз спортчулары дагы алты медалга ээ болушту

Кыргызстандык спортчулар алыш бел боо күрөшүнөн дагы алты медаль алышты

813911
Азия оюндарында кыргыз спортчулары дагы алты медалга ээ болушту

Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында кыргыз спортчулары алыш бел боо күрөшүнөн дагы алты медаль алышты. Анын үчөө алтын, экөө күмүш, бирөө коло. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында маалымдалат. Ошондо Кыргызстандын курама командасынын байге куржунунда 41 медаль болду. Анын алтоосу алтын, 13ү күмүш, 22и коло. Ал эми жалпы командалык эсепте 33 өлкөнүн ичинен 10-сапка көтөрүлдү. 

23-сентябрда алыш бел боо күрөшү боюнча 70 кг чейинки салмак категориясында Нурзат Бактияр кызы, 75 кг чейинки салмак категориясында Алтынай Мамарасул кызы жана 80 кг чейинки салмак категориясында Эсенбек Кудайбердиев алтын медаль тагынышты. 

Мындан сырткары Эрланбек Мурзабеков менен Асылбек Калматов күмүш байгеге ээ болду. Ал эми Руслан Табалдиев колого татыды. Айта кетсек, жабык имараттагы Азия оюндары - Азиянын олимпиадалык кеңешинин колдоосу астында өткөрүлүүчү таймаш. Ага Кыргызстандан спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу катышууда.

КТРК



Тектеш кабарлар