БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Кыргызстанга барат

Иш сапар Борбор Азияны кыдыруунун алкагында болмокчу

747928
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Кыргызстанга барат

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш 11-июнда Кыргызстанга келет. Ал Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат. Андан соң, Ош шаарына барып, 2010-жылда болгон Ош окуяларына карата уюштурулган иш-чарага катышат. 

Иш сапар Борбор Азияны кыдыруунун алкагында болмокчу. Гутеррештин иш сапарында Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга келүү пландалган.Ал аталган мамлекеттердин башчылары менен да жолугуп, бир катар маселелерди талкуулайт. 

Маалыматта Астана шаарында БУУ башчысы Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын отурумуна катышып, анда чыгып сүйлөөрү айтылган. Ошондой эле, Ашхабадда 13-июнда өтүүчү Борбор Азиянын терроризм менен күрөшүүсүнө арналган жогорку деңгээлдеги жыйынга катышат.

КТРК



Тектеш кабарлар