Экономиканын өнүгүүсү үчүн атайын долбоор даярдалууда

Кыргызстан замандын агымынан артта калбашы үчүн “Таза коом” долбоору даярдалып жатат

709598
Экономиканын өнүгүүсү үчүн атайын долбоор даярдалууда

Экономиканын өнүгүүсү үчүн эң маанилүү болгон «Таза коом» долбоору даярдалууда. Бул долбоор Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын негизгилеринин бири болуп саналат.  2040-жылга чейин баскыч-баскычы менен ишке ашырылат.

Азыр дүйнөдө эски технологиялар акырындан  сүрүлүп жаңы технологиялар заманы башталууда. Андыктан Кыргызстан дагы замандын агымынан артта калбашы үчүн “Таза коом” долбоору даярдалууда. Бул долбоор жаңы заманбап технологияларга негизделген мамлекеттик башкарууну жөнөкөй жана сапаттуу кылууга багытталган программа болуп эсептелет. Маселен буга чейин бизге тааныш болбогон интернет, социалдык тармак сыяктуу нерселер күнүмдүк жашоодогу эле кадимки көрүнүштөргө айланды. Андыктан “Таза коом” долбоору аркылуу дүйнөдө тез-тез өзгөрүп жаткан заманбап технологияларды пайдаланып калуу аракети жүрүүдө.Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жаңы толкундан сыртта калбай, акылдуу мамлекет түзүү керектигин белгилеп келет.

КТРК



Тектеш кабарлар