Кыргызстанда аскердик сотторду жоюуга карата кадам ташталды

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

639059
Кыргызстанда аскердик сотторду жоюуга карата кадам ташталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган мыйзам 2012-жылы 8-августтагы № 147 «Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын,  Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча кеӊештин сот түзүлүшүн реформалоого багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун ишмердигинин алкагындагы чечимдерин жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.

Сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу, соттордун кадрдык, финансылык жана  материалдык-техникалык камсыздандырууну өркүндөтүү максатында кабыл алынган мыйзам менен аскер соттору жоюлат. Бул чечимди кабыл алуу үчүн төмөнкү негиздер бар.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылы 8-августтагы № 147 Жарлыгынын негизинде кабыл алынган,  Кыргыз Республикасынын сот системасын мындан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссиянын рекомендацияларынын 3.2.1. бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын аскер сотторун жоюу каралган.

Андан тышкары, коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттердин Стамбул планынын 2012-жыл  24-февралындагы пленардык жыйынында бекитилген   Кыргыз Республикасынын экинчи раундунун мониторингинин отчетунда тийиштүү иштерди башка сотторго берүү менен аскер сотторун жоюу боюнча Кыргыз Республикасы үчүн тикелей рекомендация берилген.

Жергиликтүү соттордун 2015-жылга бюджети 724 млн 973 миң  500 сом болсо (жергиликтүү судьялардын 387 штаттык бирдиги үчүн), ал эми аскер сотунун бюджети 24 млн 445 миң 300 сом болгон (аскер судьяларынын 14 штаттык бирдиги үчүн).



Тектеш кабарлар