Жогорку Кеңеште конституцияны элдик добушка алып баруу кабыл алынды

Кыргызстанда парламентте өткөрүлгөн добушка салууда конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдумга баруу керектиги кабыл алынды.

602535
Жогорку Кеңеште конституцияны элдик добушка алып баруу кабыл алынды

Кыргызстанда парламентте өткөрүлгөн добушка салууда конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдумга баруу керектиги кабыл алынды.

120 орундуктуу Жогорку Кеңеште 105 эл өкүлүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн добушка салууда, конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн элдик добушка салууга 90 макул 15 каршы добушу берилип, өттү.

Парламенттеги айрым партиялар даярдаган конституция долбоорунун 11-декабрда өткөрүлө турган жергиликтүү шайлоолор менен бирге элдик добушка сунушталышы күтүлүүдө.

Конституцияга өзгөртүү киргизилген учурунда жергиликтүү башкарууларга дайындоо жана кызмат берүү ыйгарым укугу жергиликтүү кеңештерден алынып премьер-министрге берилет.

Убактылуу түрдө президенттик кызматты милдеттенген киши, президенттик шайлоого талапкер боло албайт.

Конституцияны элдик добушка салуу, коомчулукта Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматынан кийин премьер-министрлик кызматына келүү даярдыгы сыяктуу түшүнүктөрдү жаратууда.



Тектеш кабарлар