Кыргызстанда ЖОЖдордогу гранттык орундарга 1 миң 831 абитуриент өттү

2-турдун жыйынтыгында жалпысынан республика боюнча 84% гранттык орун толду.

536992
Кыргызстанда ЖОЖдордогу гранттык орундарга 1 миң 831 абитуриент өттү

Кыргызстанда ЖОЖдорго гранттык орундарга тандоонун 2-турунун жыйынтыгы боюнча 1,8 миңден ашык абитуриенттер өтүштү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министри Эльвира Сириева билдирди.

“Конкурска 26 миң абитуриент катышты. Республиканын мамлекеттик ЖОЖдоруна 5 миң 426 гранттык орун бөлүнгөн. Анын 494ү жалпы республикалык тест тапшырууну талап кылбаган адистиктерге бөлүнгөн. Тандоонун 2-турунун жыйынтыгы боюнча ЖОЖдордогу гранттык орундарга 1 миң 831 абитуриент өттү. Ошентип 2-турдун жыйынтыгында жалпысынан республика боюнча 84% гранттык орун толду.

Министр белгилегендей, тандоонун үчүнчү туруна 2 миң 322 гранттык орун киргизилген, анын ичинде магистрлик программалар да бар. 3-тур 25-30-июлда өтөт. Сертификаттарды чогултуу 27-июлга чейин жүргүзүлөт.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар