Жеңиш аянтында окулган айт намазы жогорку деңгээлде өттү

Yөшөрлөп жааган жамгырга карабастан элдин агымы намаз башталгычакты үзүлгөн жок

524088
Жеңиш аянтында окулган айт намазы жогорку деңгээлде өттү

Бишкек шаарындагы Орозо айт майрамы Жеңиш аянтында окулуп, нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан элдин агымы намаз башталгычакты үзүлгөн жок. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Таңкы саат 6:00до дин аалымдарынын маселелери башталып, саат 7:00го чейин уланды. Ал эми саат 7:00до Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин куттуктоосу башталып, андан соң КР пермьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө башчынын жана өзүнүн куттуктоосун айтып өттү. Буга улай калаа башчысы Албек Ибраимов шаар элин куттуктап, өзүнүн жылуу пикирин билдирди. Андан соң айт намазы башталып, мекенибиздин ынтымагы, биримдиги жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн дуба тилектер кылынды.

Жамгырдын жаагандыгына карабастан келишкен мусулман бир туугандар бул күндүн улуулугун, ислам дининин тазалыгы менен акыйкаты туурасындагы баяндамаларды угушуп, майрамдык маанайда тарашты.

Эскерте кетсек, быйыл эски Ала-Тоо аянтындагы жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу айт намазы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан Жеңиш аянтында окулду.



Тектеш кабарлар