Бишкекте Орто Азия боюнча II Эл аралык бий олимпиадасы өтөт

Быйылкы жылы 52 бий багытында 10дон ашык мамлекеттен 2000ге чукул бийчи катышмакчы.

502056
Бишкекте Орто Азия боюнча II Эл аралык бий олимпиадасы өтөт

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Спорт искусство контемпорари жана модерн федерациясынын президенти Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 3-5-июнунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бишкек шаарындагы “SUN City” спорт комплексинде Орто Азия боюнча II Эл аралык бий олимпиадасы өткөрүлөт. Иш-чара жаштарды бийге кызыктыруу, алардын ден соолугун бекемдөө максатында уюштурулууда.

“Аталган бий олимпиадасы быйыл экинчи ирет өткөрүлгөнү турат. Былтыр ага 5 өлкөдөн келген бийчилер катышкан. Ал эми быйылкы жылы 52 бий багытында 10дон ашык мамлекеттен 2000ге чукул бийчи катышмакчы. Бул күндөрү кызыкчылыгы дал келген ар тармактагы спорттук жана бий өнөрүнүн чеберлери бир аянтка чогулушат. Бий - бул спорт деп айткым келет. Ошондуктан биз жаштарды бийге тартып, бий менен кызыктырышыбыз керек. Алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек”,-деди О.Кузнецова.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар