11-апрелден баштап ажылыкка каттоо иши башталат
Муфтияттын билдиришинче, каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп, жалпысы болуп 34 каттоо пункту ишке кирмекчи
468601
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
2016-жылкы ажылык сапарына баруучуларды каттоо иши 11-апрелден, 11-майга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.
Муфтияттын билдиришинче, каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп, жалпысы болуп 34 каттоо пункту ишке кирмекчи. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Бишкек жана Ош шаарында каттоо иши казыяттарда гана жүргүзүлөт. Ал эми Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Ош облусунда ажыларды каттоо иши казыяттарда жана райондордо өтүп, жалпысы болуп 29 каттоо пункту ишке кирмекчи.
"Кабар" маалымат агенттиги