БАЛ - МИҢ ДАРТКА ДАБА

Бал - өтө пайдалуу жана баалуу азык.

431970
БАЛ - МИҢ ДАРТКА ДАБА
Бал - байыркы замандан берки табылгыс дары.Балды байыркы замандан бери дарылык касиети бар азык катары пайдаланылат.
Бал Байыркы Египетте кеңири колдонулган. Мунун далили катары изилдөөчүлөр адамдын сөөгү жаткан кээ бир гробдордон миңдеген жылдар бою баалуулугун жана даамын жогото элек балды табышкан. Мындан тышкары, Александр Македонскийдин сөөгү Вавилондон Александрияга чейин балга чыланып келгенин тарыхчылар тастыкташат. Балдын антибактериалдык касиетинин негизинде сөөк бузулбай келген.
Балдын касиети
Бал - өтө пайдалуу жана баалуу азык. Анын курамында 300гө жакын пайдалуу заттар камтылган жана анда адамдын организмине зарыл болгон дээрлик бардык химиялык элементтер бар. Бал организмге тез жана 100 пайыз сиңет. Ошондуктан ал тамак сиңирүүнү, тамакка болгон табитти жакшыртат. Пайдалуулугу жагынан балга бир дагы жашылча тең келе албайт. Ал эми калориялуулугу жагынан ал нан, эт, боор, балыктардын катарында жүрөт. Балды пайдалануудан кандын түзүлүшү жакшырат, иммунитет көтөрүлөт, мындан тышкары ал күчтүү энергиянын булагы болуп эсептелет, ошондой эле бал организмди мезгилинен эрте картаюудан сактайт.
Балды ар кандай түрдө колдонууга болот, бирок, ошолордун ичинен эң натыйжалуу деп муздак сууга аралашкан бал эсептелинет. Мындай суусундук аз кандуулукка жардам берет, баш ооруну, баш айланууну, чарчоону жоготот.
Бал менен дарылоо
Суук тийгенде:
1. Өгөй эне-өз эненин кургатылган жалбырактарын чай сыяктуу бир стакан кайнак сууга демдөө керек. Маңыз бир аз муздап, температурасы 40 градуска чейин түшкөндө ага 1 чоң кашык балды кошуп, аралашманы күнүнө 2-3 жолу 1 чоң кашыктан колдонуу эң жакшы жыйынтык берет.
2. 1 литр сууну кайнатып, ага 2 чоң кашык шалфейдин жалбырагын, 2 тишче майдаланган сарымсак, жарым лимондун ширесин жана 2 чоң кашык балды кошуп аралаштырып, 5 мүнөт тыныктыруу керек. Бул аралашманы ысык бойдон жарым стакандан ар саат сайын ичип туруу натыйжалуу болот. Ларингитте:
1. Лимон ширеси менен балды аралаштырып, жай отко бир аз ысытып алып, бир чай кашыктан ар жарым саат сайын айыкканга чейин ичип туруу сунуш кылынат.
2. Сабиздин ширесине кайнак суу жана бал кошуп, жарым стакандан жатаарда ичүү керек.
Сасык тумоодо:
1. Жатаар алдында майдаланган сарымсак менен балдын аралашмасынан 1 чоң кашык жеп койсоңуз, эртең менен сасык тумооңуздун изи да калбайт.
2. Бүтүн бир лимонду кайнак суу менен чайкап, сырты менен кошо эт майдалагычтан өткөрөсүз. Ага 100 грамм каймак май менен 2-3 чоң кашык балды кошосуз да, муздаткычка салып коёсуз. Чай ичкенде кадимки майдын ордуна колдоно берсеңиз болот. Же болбосо эртең менен, кечинде 1 чай кашыктан жеп туруңуз.
3. Майдаланган 3 чоң кашык пиязга 50 мл жылуу суу жана 1 чай кашык бал кошуп жакшылап аралаштырып, 30 мүнөт тыныктырасыз. Мурун бүтүүдө ушул аралашма менен мурунду чайкаса болот.
Күйүктө: Күйгөн жерге балдан сүйкөп, таңып алуу керек. Бир нече күндөн кийин күйүктүн орду билинбей калат.
Тери кабарганда: Тери кабарып кеткен учурда 1 лимондун ширесине 3 чоң кашык балды кошуп, жай отко ысытуу керек. Аны кабарган жерге бир нече убакытка чейин сүйкөп коюу зарыл.
Чачты өстүрүүдө: Таз баштарга чач өстүрүүдө да бал жардамга келет. Ал үчүн майдаланган пияз менен андан төрт эсе аз балды аралаштырып, чач чыкпаган жерге сүртүү керек.
Таза бал менен жасалма балды кантип айырмалоого болот?
Биринчи ыкма: Чыныгы таза балда суу болбойт. Кесим нанга балды сүртүп, 8-10 мүнөт күтө туруу керек. Эгер нан жумшарып кетсе, жасалма бал - ага кошулган кант сиробу нанды жумшартып жиберет. Эгер нан жумшабаса, анда таза бал.
Экинчи ыкма: Балды кагаздын бетине сүйкөп, анын үстүнө карандаш менен жазуу керек. Эгер жазуу көк түскө айланып кетсе, анда балда суу бар - бул жасалма бал.
Үчүнчү ыкма: Азыраак өлчөмдөгү бал кошулган сууга бир тамчы йод тамызуу керек. Эгер аралашма көгөрүп кетсе, бул крахмал же ун кошулган жасалма бал.
Балды кантип туура сактоо керек?
Балдын сакталуу мөөнөтү чексиз. Болгону аны муздаткычта эмес, кургак шкафка сактоо керек. Кургак жерде, бөлмө температурасында сакталган бал эч качан бузулбайт. Балды таза айнек же алюминь идишке гана сактоо керек. Жез, темир идишке куюлган бал жагымсыз даам жана жытка ээ болгондон сырткары ууланууну жаратышы мүмкүн.
Эски балдын жугу бар идишке жаңы балды куюуга болбойт. Эски балдын калдыгы жаңы балды бузуп, натыйжада даамы менен жыты өзгөрүлүп кетет. Бал куюлган банканы кескин жыттуу азыктардын катарына коюуга болбойт, бал жытты өзүнө тез сиңирип алат.
Балды күн тийбеген караңгы жерге сактоо талапка ылайык, жарык балдын сапатын начарлатып жиберет. Тоңуп калган балды эритүү үчүн аны ысык сууга тосуп же отко коюуга болбойт. Ысытылган бал бат эле сапатын жоготуп, кыжылдап кетет.
Бал тууралуу сиз билбеген 4 факт
Байыркы египеттиктер менен римдиктер балды салык үчүн төлөнгөн алтындын ордуна колдонушкан.
Бир чоң кашык балдагы калория ушундай эле өлчөмдөгү кумшекерге караганда 18ге көп.
Бир аары өзүнүн өмүрүнүн аягына чейин 0,8 грамм бал жыйнайт.
500 грамм бал топтоо үчүн аарылар бүткүл жер шарын толук айланып чыгышат.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар