Илим жана маданият көпүрөлөрү - 13

Адип Акмат Жүгнаки жана "Акыйкаттын эшиги"

105575
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 13

Таалимдүү Акмат атым, таамай сөзүм,
Сөзүм калаар, жалгандан өтөм өзүм,
Күз менен жаз алмашып, өмүр өтүп,
Күнүм бүтсө жумулат эки көзүм.

Андыктан сөз ылгадым, кыска, тап – так,
Толгон сөздү салмактап, бирин тандап,
Айтсаң казал табылат, асыл сөз аз,
Ар убак атлас шайы безден кымбат.
Бул ыр саптары бүгүн биз сөз кыла турган, ортоңку кылымдагы түрк тилдүү элдердин орток адабий мурастарына кирген, азиз акын Адип Акмат Жүгнакинин
“Акыйкаттын эшиги” аттуу чыгармасынан алынган.
Адип Акмат Жүгнаки ким болгон? Өмүр таржымалы жөнүндө так маалыматтар
жокко эсе. Качан, кайда жашап өткөндүгү да такталбай келет. Алгачкы жолу адеп
Түркиялык окумуштуу Нежип Асым 1906 – жылы Акмат Жүгнакинин “Хитабетүл Хакайык” деген чыгармасын тапкандан кийин аны дүйнөгө тааныткан. 1918 - жылы Нежип Асым китепти Осмон түркчөсүнө которуп жарыялаган. Ошол күндөн тартып Адип Акмат Жүгнаки жалпы элге таанылып,окумуштуулардын назарын буруп келет. Фуат Көпрүлү, Радлов, Т. Ковалский жана Жеан Денилер сымал окумуштуулар Акмат Жугнаки жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Булардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында Адеп Акмат Жүгнакинин “Акыйкаттын эшиги” аттуу чыгармасынын 3 жаңы нускасы табылган. Ал тубаса азиз болуп, жарык дүйнөнү көрбөй жашап өткөн. Көздөрүнүн азаздигине карабай билим алып, элдин урматына татыгандыгын атактуу акын Алишер Навои мындайча эскерген: “Адип Акматтын көзү тубаса көргөн эмес,өзү түрк элинен болгон дешет. Бирок ал зирек, даанышман, баамчыл жана акылдуу болгон. Алла Таала анын көздөрүн алган менен акылдан мол берген. Көздөрүнүн караңгылыгын жан дүйнөсүнүн жарыктыгы менен жаркыратып турган”
Туулган жери жөнүндө анын өзүнүн
Адип Акматтын айылы Жүгинаки дешчү,
Ажайып көркүнөн көңүлдүн чери кетчү
Атасынын аты болсо – Махмут Жүгнаки
Анын уулу Акмат, эч кимдин жоктур шеги деген саптарынан башка маалымат жок. Бул ыр саптарынан атасы Махмут жана туулган жери Жүгнаки экендигин биле алабыз.
Атактуу окумуштуу Арат Акматтын кайсы кылымдарда жашагандыгы тууралуу Алишер Навоинин жазгандары бир топ талаш тартышты жаратканын билдирет. Навоинин Адип Акмат жөнүндөгү жогоруда биз сөз кылган эскерүүнүн уландысында: “Бир уламышта Акмат узакта жашаганына карабай, күнүгө Багдадка барып, Имам
Азамдан сабак алган дешет. Ошентип ал төрт жыл окуган жана бир күнү Имам
Азамдан
- Окуучуларыңдын арасында эң жакшы окуганы кимиси, - деп
сурашканда:
- Баардык окуучуларым бирдей, бирок ушул азиз баарынан кыйыны,
- деп жооп берген дешет”-деп жазылган. Араттын пикири боюнча Имам Азам 699 – 767 – жылдар аралыгында жашап өткөндүгү жалпыга маалым, бирок чыгармада колдонулган тил өзгөчөлүктөрү 14 – кылымга таандык болгондуктан, ортодо өтө чоң айырма болгондуктан бул жөн гана уламыш. Айрыкча китепти тартуу кылган өкүмдар Мухаммед дад Испехсалар бектин да кайсыл учурда өкүмдарлык кылгандыгынын аныкталбагандыгы, жашап өткөн доорун аныктоону татаалдаштырган башка бир маселе. Ошого карабастан окумуштуулар атактуу Жусуп Баласагындын “Кутатгу Билиг” чыгармасынан 50 жылдай кийинчирээк жазылган деп болжолдошуда.
Жугнакинин мүрзөсүнүн кайда болгондугу тууралуу да бир топ бүдөмүк ойлор айтылып келген.
Селчук Уйсал 2007 – жылы жарыялаган “Жугинакини орду жана Адип Акматтын
мүрзөсү” аттуу макаласында Жүгнакинин Казакстандын Туркстан районуна
караштуу Яссы шаарынан 15 – 17 км Түндүк – Батышта жайгашкан Йүгнек
айылына баргандыгын жана бул айылда “12 – кылымда атактуу акын, философ
Акмат Жүгнек өмир сүрген” деген жазуу бар экени жөнүндө баяндайт. Айылдын тургундары мүрзөсүнүн да ошол жерде болгондугун жана мазар катары элдер келип ал жерге сыйынышаарын айтышканына токтолгон.
Адип Акмат Жүгнакинин “Атабетүл Хакайык” (Акыйкаттын эшиги) чыгармасы
өзбекчеде “Хитаб ол Хакайык” деп аталат. Аталган чыгарманын 4 кол жазмасы бар. Алардын үчөө Стамбул Аясофия жана Топкапы кол жазмалар музейинде, бирөөсү Анкара Улуттук китепкананын кол
жазмалар бөлүмүндө сакталып турат. Бул кол жазмалардын бардыгы кийин
кайрадан көчүрүлүп жазылган кол жазмалар, акындын өз колу менен жазылган
жазмасы же өзү жаздырган кол жазма биздин учурга жетпей калган же табыла элек. Алардын ичинен эң эскиси 1444 - жылы Зейнүлабидин тарабынан уйгур алфавити менен кара, астына
арап алфабити менен кызыл түстө жазылып даярдалган. Бул кол жазма ошол
учурдун илимий борбору Самаркандда жазылып, кийинчирээк Кутадгу Билиг
сыяктуу эле Али казы Фенерлиоглу тарабынан Туркияга алынып келинген болсо
керек деп болжолдолууда .
Чыгарма исламдык жол жобонун негизинде 13 бөлүм болуп даярдалып, 41
саптык, 101 куплет, жалпысынан 484 ыр саптан турат. Тили түркчөнүн
Караханний дооруна таандык өзгөчөлүктөргө ээ жана жогоруда уйгур алфавити
менен жазылганын эске алып, уйгур алфавити менен жазылган болсо керек деген
болжолдор айтылып келет .Исламдык адабий тизилиштин негизинде, адегенде
Аллага, анан Мухаммед пайгамбарга, анын төрт халифаларына, анан китебин тартуу
кылган Мухаммед дад Испехсалар бекке арналып өз – өзүнчө мактоо
ырлары жазылган. Анан барып чыгармадагы негизги айтайын деген оюна орун
берилген. Андан кийинки бөлүмдөрдө билимдүү менен билимсиздер, жакшы эркек
жаман эркек, жакшы аял, жаман аял, сараңдык, байлык, жоомарттык, кара мүртөздүк
сыяктуу сапаттардын оң жана терс көрүнүштөрү жөнүндө өзүнүн оюн ыр түрүндө
билдиргенге аракет кылган:
Сараңдык эм түшпөгөн бул бир ооруу,
Бергенге бакыл колу таштай катуу,
Толсо дагы короосу, көңүл тойбос,
Ал макулук малдын кулу, киши баштуу

Баардык тилде жоомарттык көп макталат,
Марттык башка айыпты жууп салат,
Жоомарт бол, азар – наалат сөз тийбесин,
Наалат жолун жоомарттык бууп салат.

Акындын билимдин улуулугун даңазалоо үчүн
кураандан, хадистерден мисал келтиргени анын билимди канчалык терең
түшүнгөнүн жана тегерегиндегилерге да аны түшүндүргүсү келгендигин айгинелейт:
Билимди изде, ээринбе, билгин Алла элчиси,
“Билим Кытайда болсо аркасынан баргын” - деди

Билимдүү – кайда жүрсө төрдөгүдөй,
Билимсиз – тирүүсүндө көрдөгүдөй,
Билимдүү өлсө дагы унутулбайт,
Билимсиз тирүү жүрүп аты угулбайт.

Колдонулган адабияттар
1. Tox’liev B., Abdrahmanova B., 2010, Adabiyot (Majmua), Toshkent
2. UYSAL S., 2007 Yüknek’in Neresi Olduğu ve Edip Ahmet’in Mezarı Hakkında, Turkish Stadies İnternational Periodical For the Lnguages, Literature, and History of Turkish and Turkic, Fall, Vloume 2/4, Ankara
3. ÖLMEZ, Z., KAÇALİN M., 2011, XI – XIII. Yüzyıllar Türk Dili, Anadolu Üniversitesi yay. Eskişehir
4. ÇATAK A., Atabet’ül Hakayık’ta Dünya Algısı, 2012, Turkish Stadies İnternational Periodical For the Lnguages, Literature, and History of Turkish and Turkic, Volume 7/4, Ankara
5. Сариева К., 1999, Эдип Акмат Жүгинаки, Акыйкат таратуу, Байыркы орток түрк адабияты, 1 – том, Бишкек
6. ARAT R.R., 1951, Edip Ahmet, Atabetü’l Hakayik, İstanbul


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар