Илим жана маданият көпүрөлөрү

Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоору

122491
Илим жана маданият көпүрөлөрү

Урматтуу угармандар. «Түркия үнү» радиосунун жаңы долбоору болгон «Илим жана маданият көпүрөлөрү» программасын угуп жатасыздар. Бул программанын максаты Түркия менен Орто Азиядагы түрк тектүү өлкөлөрдү бири-бирине жакындатып турган илимий жана маданий баалулуктарды таанытуу болуп саналат. «Илим жана маданият көпүрөлөрү» программасы ар аптанын ишемби күндөрү Кыргызстан убактысы боюнча саат 15:30-16:00 арасында обого чыгат. Анда эмесе ар ишемби биз менен чогуу болуңуздар!
Программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Түркия Республикасынын билим берүү министрлигинин «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоору» тууралуу сөз кылабыз.
«Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоору» Кыргызстан, Өзбекстан сыяктуу түрк тектүү өлкөлөрдүн жана боордош калктардын жогорку билимдүү адистер менен камсыз болушуна көмөктөшүү жана Түркиянын досу боло турган жаштарды өстүрүү максатында Түркия Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылган эбегейсиз чоң долбоор болуп саналат. Дал ушул долбоор аркылуу 1992-жылдан 2007-жылга чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандан Түркияга 2695 студент билим алганы келген. Ал эми 2010 жана 2011-жылдары жалпысынан алганда 649 кыргызстандын жараны Түркиядагы университеттерде окуй баштаган. Ошондо 1992-жылдан 2012-жылга чейинки 20 жылдык мезгил аралыгында 4000ге жакын Кыргызстандын жараны «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоорунун» негизинде стипендия менен толук камсыз кылынып, Түркияда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
«Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоору» 2011-2012-окуу жылдарында Түркия Республикасынын Билим берүү министрлигинин карамагынан чыгарылып, Түркиянын өкмөтүнө караштуу Чет өлкөдөгү түрктөр жана боордош калктар башкармалыгына өткөрүлүп берилди да, «Түркиянын стипендиялары» деген долбоорго айландырылды. Түркия республикасынын билим берүү министрлиги «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоору» аркылуу 1992-2012-жылдар аралыгында дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн келген 30 миңден ашуун студентке ай сайын стипендия, жылда бир жолу китеп-дептерге сарптоо үчүн кошумча акча берип, ошондой эле акысыз жатакана менен камсыз кылып, Түркиянын мыкты мамлекеттик университеттеринде акысыз окутту. «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоорун» студенттер үчүн түзүлгөн дүйнөдөгү эң мыкты стипендиялык программалардан бири деп айтсак болот.
«Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоорунун» пайда болуу тарыхы Орто Азиядагы түрк тектүү өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнө ээ болушу менен түздөн-түз байланышта десек болот. 1990-жылдардын башында Советтер Союзу кулап, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан сымал түрк тектүү өлкөлөр эгемендүүлүгүнө ээ болушканда, Түркия Республикасы өзүнүн боордошу болгон бул өлкөлөр менен дароо эле достук мамиле түзүп, түрдүү тармактарда көмөктөшө баштаган.
1991 – жылдын октябрь айында, Анкарада “1 – Түрк жыйыны” болуп өткөн. Бул жыйынга Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан сыяктуу түрк тектүү өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана министрлери катышып, эки тараптуу жана орток бир катар макулдашууларга кол коюшкан. Жыйындан кийин Түркия өкмөтү, түрк тилдүү өлкөлөргө болгон иш –чараларын ылдамдатып, ошол учурдагы Түркия Республикасынын өкмөт башчысы Сулайман Демирелдин түздөн - түз кийлигишүүсү менен «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоору» иш жүзүнө ашырылган. Ошол учурда Түркия Республикасынын билим берүү министри болгон Көксал Топтан маектеринин биринде «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоорунун» жүзөгө ашырылышына кете турган каражат үчүн Түркия өкмөтү пландалган 2 суу сактагычтын курулушун токтотуп турган деп айтып өткөн. Ушундан улам Түркия өкмөтү Орто Азия жана Кавказдагы түрк тектүү өлкөлөрдөн келе турган студенттерге чоң маани беришкен десек жаңылышпайбыз.
1992 – 1993 – окуу жылында Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандарына жогорку билим алуу үчүн жалпысынан 7000 орун, толук эмес орто билим алуу үчүн жалпысынан 3000 орун бөлүнгөн.
Алгачкы студенттер 1992 – жылдын 14 – октябрь күнү Түркияга келишкен. Түркия Республикасынын Жогорку окуу жайлардын студенттерин жатакана менен камсыздоо башкармалыгынын ошол учурдагы башчысы Асым Эрхош ал учурду мындайча эскерет:
1992 – жылдын 14 – октябрында түрк тилдүү өлкөлөрдөн 10000 студенттин келгенин эч унута албайм. Жатаканаларыбыз жетишпегендигинен ижарага алууга мажбур болдук. Күчөтүлгөн режимде иштедик. Бир ай ичинде 20000 керебет, 40000 матрац, 40000 жууркан даярдаттым.
Белгилей кетелик, алгачкы келген студенттер «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбооруна» сынаксыз эле кабыл алынган. Түрк тилдүү өлкөлөрдөгү студенттерди сынак аркылуу кабыл алуу 1995-жылы башталган. 1990-жылдын экинчи жарымында «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоорунан» пайдалана алган Орто Азия жана Кавказдагы 5 түрк тектүү өлкөнүн катарына Македония, Босня - Герцеговина, Румыния, Крым, Косово, Тажикстан, Албания жана Татарстан да кошулган. Бул долбоорго катышкан өлкөлөрдүн саны жыл сайын көбөйүп олтуруп 2011-жылы 55 өлкөгө жеткен.
1997 – жылы Туркиянын Жогорку билим берүү башкармалыгы Билим берүү министирлигине расмий билдирүү менен кайрылып, өлкөсүнө кайткан студенттердин ишке жайгашуусуна көмөк көрсөтүү жана алар менен байланышты үзбөө керектигин баса белгилеген. Ошол эле башкармалык 1999 – жылы 13 – майда Түркия өкмөтүнүн алдындагы Таанытуу фондуна “”Бүтүрүүчүлөр менен кызматташуу долбоорун” сунган. Бул багыттагы иш – аракеттер бүгүнкү күндө да уланууда. Мисалы, 2011 – жылдын 23 – февралында Антальяда Билим берүү министрлигинин Чет өлкөлүктөргө билим берүү бөлүмүнүн алгылыктуу иш–аракеттеринин натыйжасында 1990-жылдын биринчи жарымынан 2011-жылга чейинки бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу жыйыны уюуштурулган. Бул маанилүү жыйынга дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 200 бүтүрүүчү катышкан.
Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, «Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоору» аркылуу Түркияда билим алып кеткен жаштар өз өлкөлөрүндө жана дүйнөнүн баардык булуң – бурчтарында мамлекеттик жана жеке менчик тармактарда алгылыктуу ийгиликтерди жаратып жатышкандыгын белгилей кетелик.
Программанын бүгүнкү чыгарылышын даярдагандар Гүлдана Мурзакулова, Элдар Орозалиев, Назгүл Кадырова жана Абдрасул Исаков.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар