Гүлжамила Шакированын боз үй жөнүндөгү маеги

Гүлжамила Шакирова ТРТга келгенде боз үй жөнүндө маек куруп берди.

159858
Гүлжамила Шакированын боз үй жөнүндөгү маеги


Урматту окурмандар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Кыргыз радиосунун» кызматкери, акын Гүлжамила Шакирова менен маектешип отурабыз.

-Гулжамила эже өзүңүз Кыргызстанда умай эне болуп жүрөсүз, ошондой эле өзүңуз кийген кийимдерге оймо сайып алат экенсиз, ошолор жөнүндө баяндап берсеңиз?

- Рахмат. Эми кыргыз аялзатынын ичинен илгертеден эле энеден кызга өтүп келген кыргыздын нарк- насилдеринин кымбат нерселеринин бири ушул – саймачылык. Илгери азыркыдай машина менен сайма сайган боло электе, кыргыз энелер колго ар кандай кийимдерди саймалап, керек болсо шырдагына чейин, керек болсо боз үйүнө чейин баардыгын кол менен бүтүрүшкөн, тери, сайма буюмдарын кол менен жасашкан. Анан кыздарын күйөөгө узатаарда, кичинекейинен эле керек болсо, кыздарына сеп даярдап, ошол септи жасаганда өздөрүн аралаштырып, кызын ошентип кийин күйөөгө берчү. Ошондон улам ар бир эне кызын аял заттын ордун билүүгө, аялзат эмне иш жасай алаарын баарын билүүгө, энелик милдетке даярдап анан колунан баары келгенде күйөөгө бирген. Менин чоң энем аябай уз адам эле, ал кичинекейим эле колума ийне берип, сайма сайдырып, кийим бычтырып үйрөткөн ошондон улам кичинекей кезимден бери эле ушундай иш менен алектенип жүрүп, өзүм саймачылык өнөрдү дагы аркалап калган жайым бар. Ошондой эле сиз айтып атпайсызбы умай эне да болуп жүрөсүз,- деп, ушул умай энелик дагы энелерден айтымга келаткан улуу касиеттеринин бири, ушул умай эненин рухун, умай эненин наркын, насилин алып калалы деп кандайдыр бир үлгүлөрүн кыздарыбыз билип калса экен деген ниетте, биздин кулагыбызга куюп келген.Ошондон улам умай эненин жолун жолдогон касиеттүү сөздөрдү айтууга далалат кылып жүрөм. Умай энедей болуу оор, бийик жана терең нерсе.
- Абдан жакшы. Сиз кийген кийимиңизге саймаларды өзүңүз саят турбайсызбы, ошол самалардын маанисин чечмелей кетесизби?
- Азыр кыргызда кыргыздын түп башатына кайрылалы деп, кыргыздын кийимдрин киели, кыргыз бололу, кыргызды сүйөлү деп кайрадан жандандырып баштаганда, баардыгы сайма кийимдерди кийүүгө өтүштү, керек болсо бир кезде кийилбей калган калпактарда дагы саймалардын түрлөрү туруп атат. Анан ушул саймаларды биздин энелер табияттан алган экен. Карап туруп ушу табияттын кооздугунан, мисалы, жигиттердин калпактарына, кийимдерине бүркүттөй бийикте шаңшып, бүркүттөй алгыр, бүркүттөй курч, бүркүттөй күчтүү болсун деп бүркүт тумшук, канат оюмдарды салган. Жашыраак жигиттерге барчындай болсун деп, ителгилердин, курч куштардын тумшуктарынын, башынын сүрөтүн салып оймо койгон. Ошондой эле картайып бараткан абышкалардын же орто курактагы кишилердин кийимдерине аркар мүйүз, кулжа, бугу мүйүз деп ошондой оюуларды салган. Аталбай калган аркардай деп мындай картайып калган абышканы сүрөттөп коюшат. Ушул айылдын арасында атылбай калган аркардай болуп, ушу киши келатат деп сындап коюшкан. Ушул сыңар аркарлардын мүйүздөрүн дагы салабатту адамдар салабатту болуп жүрсүн деп салган. Ошондой эле кыздардыкы өзүнчө болгон да, кыздарга көбүнчө күлдүү жоогазын, мандалактардын, күлкайырдын сүрөтүн оймо кылышкан. Гүлдөй болуп кулпуруп турушсун деген. Ошондой эле канат оюмдарын салган экен, ошондой эле бадам оюмдары деп коет. Ал эми байбичелердин кийимдерине салынган оюмдар да башкача болгон, абышкаларга салгандай эле бугу мүйүз, бугу эненин символу болсо керек, бугунун мүйүзүн энелердин кийимдерине да салыптыр да. Анан кичинекей балдардын баш кийимине умай оюм салышкан, анткени умай энеси ар дайым оору – сыркоодон, жаман көздөн, суук сөздөн колдоп жүрсүн деп, а кыздардын баштарына үкү тагып коюшкан. Ал эми кичинекей эркек балдардын кийимине бүркүттүн тырмактарын тагып коюшкан, булардын баары жөн жеринен чыкпаганы билинип турат, анткени бардык жерде ошолордун бир коргоочу касиетке ээ экендигин билдирип, кичинекей балдар жаман нерселерден оолак болуп өсүшкөн.
- Кыргыздын оймо-чиймелери табият менен байланышкан турбайбы?
- Албетте, табияттын койнунда көчүп конуп жүргөндүктөн, ар бир көрүнүштү кылдат байкап коюп, сүрөткерлери өзүнүн көкүрөгүнө катып алганда, анан сөзсүз адамдардын кийимине салганга аракет кылышкан.
- Ал эми боз үйгө келе турган болсок, мына боз үй деген кыргыздын аалам баткыдай, түнкүсүн асмандын көркөмүн түндүктөн карап турган, күндүзү күнү жаркырап тийип турган, керемет турагы болгон. Жайып койсо 100дөй киши бата турган, жыйып койсо бир төөлүк жүк бөлүп калган, бул эч мык колдонулбаган, болгону жип- шуу менен тери булгаары менен бекитилген керемет нерсе. Кыргыздар боз үйдү ааламга, жер шарына, жумурткага окшоштуруп, жумурткадай ак боз үйлөр деп коет го, ички дүйнөсүн карап турсан жумуртканын дүйнөсүндөй, ошонун ичинен адам бир сыртынан аңдап биле албаган, улуу дүйнө катылган бир керемет кыргыздын турак жайы экен. Мына ушул турак жайды ушул киргенде эле, көз жоосун алгандай кылып, жабык башы, ички чийи, чыгданы баардыгы өз орду менен ошол аялзатынын колу менен чырмалып чийлери, жабык баштары оюмдардын түрлөрү салынып конок тозо турган боз үйлөрү кооз болгон. Манас атабыздын кырк чоросунун бири, ырчы Жайсан боз үйүнүн жасалгасын жарым күн ырдаган, демек Манас атабыздын убагында эле боз үйдүн жасалгасы ар бирине топтолгондо эле ошондой жарым күн болуп кеткен.
- Сиз менен баарлашып атып, кичинекей кезиңизде боз үй жасалганыңызды угуп калгам да, сиз анда боз үйдүн бардык жагын билсеңиз керек. Кандай, эмнеден турат ошону да айта кетсениз?
- Мен жогоруда айтпадымбы, чоң энем абдан уз киши эле деп, ошол уз киши мага кыргыздын бардык эмне жасалгасы болсо баарын үйрөттү да... Керек болсо ал киши абдан чоң-чоң эркектердин тонун тикчү, ал кезде ичик деп койчу, сеңселген койдун көрпөсүнөн жасалган ичикти тикчү, анан ошолордун ичинен,сенин убагыңда ичик деле кийилбей калаар деп, андан көрө мына боз үйдү үйрөнүп ал деп, карап отуруп боз үйдү жасаганды үйрөткөн. Ошондон улам мен, кийин эс тартып калганда, окууга өтпөй калдым деп арданым бир жыл үйдөн чыкпай боз үй жасагам да... Боз үйдү уялганымдын себебинен, анан боз үй жасап көрөйүн деген аракетимден жасагам. Боз үйдүн жасалгасын жасадым да, сөөгүн- кереге, ууктарын башка устага жасатып келишкен, калган жабык баш, туурдуктарын мындай ашар тибинде эле аялдарды чакырып жасатып, ошолордун билгендеринин негизинде тегерек кылып жана боз үйгө ылайыктап кестирип алып, калганын баарын жасалга, чыгдан чийди чырмап, эшиктин үстүндөгү чийди чырмап, ошонун баарын өз колум менен жасагам. Тегириш деп коет анысын согуп, аны курчап чыгат да уук- керегелеринин баарын, уук тизгич деп коет. Анан ар бир уукту байлаганда ошонун боосу дагы кооздоп жасалгалаган элем да. Азыр боз үйдү ар кандай жасалгалап жүрүшөт,кимдин мүмкүнчүлүгү канчалык денгээлде жетет боз үй ошого жараша жасалгаланат. Абдан кыйын уз адам болсо, көргөн көздү уялдырып бир сонун жасалгалашат, түрлөрү көп чыгып атат го. Мен дагы боз үйдүн чийлерин чырмап ички жасалгасын жасаган элем да...
Биринчи керегени жаят, андан кийин ортосуна түндүктү көтөрүп, сөзсүз түндүктү бир эркек адам көтөрөт, анын салты ошондой. Эркек адам түндүктү көтөрүп турганда анан уукту сайып калыш керек, кереге 6, 8, 12 канат деп бөлүнөт. Кереге канча курамдан турса ошончо чоң болот. Ал эми илгери хан ордо деп 10 канат, 12 канат кылышкан, ошо керегенин башына жараша ууктар болот, ошого жараша канаттары жайылат да, 16 канат керек болсо 20 канатка чейин жасалган да, ал абдан чоң жанагы хандардын үйлөрү болгон экен. Анан үч бөйрөктүү боз үйлөр болгон ошол эле үйдүн эки капталынан эшик чыгарышып, орточо байлардын үйлөрү болгон. Ал эми хандардыкы 16, 20 канат болуп, кишилерди кабыл алган бөлмөсү өзүнчө болгон...

- Керегенин сыртына чий каланат?
- Ооба, керегенин сыртына чий каланат, ал эми керегенин сыртынан туурдук эле жабылып калбасы үчүн, чийдин бир эле жери, тыкыс тышталгандан кийин, тыштан келген шамалды да тосуп турган, этек жагы. Анан чийдин сыртынан мындай дөңсөчө кылып, жерден таш же топурак тизип көтөрүп коюп кышкысында ошондой үйдө жашашкан. Тегерете чый чырмалган колуна келгендер, ал эми колунан келбегендер чый чырмабай эле чийди актай бойдон,согуп туруп калап коюп атышат. Боз үйдүн ички дүйнөсүнө келе турган болсок эр жагы, эпчи жагы деп бөлүнгөн. Эр жагында эркектин дүйнөсү турган, эпчи жагында- аялдыкы. Боз үй тепетең экиге бөлүнүп, мындайча айтканда ялдык жана эркектик тең салмактуулукту кармап турган, эркек жагы киргенде сол жагы, төр жактан оң жагы болуп көрүнөт, аялдын дүйнөсү чыгдандын ичинде болгон, аны кооздоп сыртынан калап коет дагы, анан чыгдандын ичинде молчулук, токчулук,береке дешгендей бүтүндөй ошол бакан, чыгдан тарапта бир бакан турса, эр тарабында бир бакан турган.

Ошол эркектин сакчысындай болуп, эркектин кийимдери илинип, камчысынан баштап баардык баш кийимдери илинип, түбүндө ээр токулуп турган. Аял жагындагы бакан аялдын сакчысындай болуп, ошол алабаканга чучук, казы –карта илинип турган. Чыгдандын өйдө жагында кызынын орду болуп турган, ал жерде кызы күзгү кабын ошо жерге даярдап, кийимдери, тарагы, самыны ирээттелип коюлуп, кызы саймасын сайып отурган. Атасынын ылдый жагында эркек баласынын орду болгон, чүкөсүн жайып. Биринин ордун тебелеген эмес, кыздын ордун ыйык деп баласы да, атасы да тебелеген эмес. Атасынын ордун дагы эч ким тебелеген эмес, жыйнап эле койбосо, үстүнөн кур бекер баскан эмес, ал жерде тери, аюу, илбирс талпагы болобу, мунун баары ички жылуулукту сактап турган. Үйдүн төр жагында сөзсүз конок отура турган бөлүгү болгон, ал жерде сандыгы. Туш кийизи да болгон. Азыр ЮНЕСКОго Манасыбыз кабыл алынды, кыргыз жигиттери боз үйдү киргизүүгө аракет кылып жүрөт. Боз үй бардык көчмөн элдерге тиешелүү, ошол эле моңголдорго, казактарга, түркмөндөргө. Ошол эле моңгол боз үйлөрүн карап көрсөк ууктарынын саканагы ийилген эмес, кыргыздардын усталары өнөргө машыккандыктан боз үйдун кандай жасалышын тереңден билгендиктен ошол ууктун ошол жерин ийген, моңголдор түз эле түндүкө сайып коюшат. Казактардыкы деле анча илинбейт, түркмөндөрдүкү ысык болгондуктан, алардыкы боз үйдөй деле эмес, өңү кара анча жарашыктуу эмес, балким ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө дендей, менин оюмча кыргыздын бой үйүнө башкалардын көркөмдүгү жетпейт дейм. Анан бакан тууралуу айтпадымбы, бакандардын да философиясы бар, мына эркек бакан дайыма өзүнүн милдетин аткарып, түндүктү көтөрүп туруп бакан менен, анан ошол баканды кийим иле турган жерге тиреп койгон, ал качан кыргыз эне төрөгөндө, ошол баканды таянып төрөгөн.Бакандын касиети күчү менен, бакандын кубаты, деми менен бала ыңаалап төрөлгөн, кыргыз энесинин төрөтү да жеңил болгон, ошондон улам баканды эч качан жерге таштап койбойт. Кыйып атканда ошонун кандайы бизге түркүк болуп, кандайы бизге жөлөк болот деп карап туруп кыят, жөн эле ача болсо эле кыйыла бербейт.

 Дагы кыраакы көз менен карап туруп кыйып алат. Анан ошол баканга тилек кылып, менин тирегим боло турган ушул бакан болду, үйдөгү менин таянычым, түндүгүмду көтөргөн, уугумду улаган ушу болот деп коюп коет. Бакандын түбүнө жарык дуйнөгө келген адам ошол баканды сылайт экен да, муну бизге энелер айтчу, «бакандан аттаба, баканды тебелебе, баканды өйдө алып кой»- деп, анан кийин ойлоп көрсөм бакандын милдети ошондо экен, бул да болсо кыргыздын табиятка, чөп чарга, ташка, тоого, сууга болгон сый урматынын бир бөлүгү ушул мына бакандан билинип турат да. Ашкана жактагы чыкдандын дагы, бакандын дагы молчулуктун, токчулуктун, жанагындай эт- аштын баарын кармап, өзүнүн боюна сиңирип илинип тургандыктан ал бакандын да өзүнчө орду болгон экен. Кийин кыргыз оо дүйнөгө сапар алгандан кийин дагы ошол эки баканды коюп туруп, жипти мыдай арчындап- арчындап, табыт сыяктуу кылып туруп, үстүнө кийизге ороп туруп жанагы акыркы сапарына узатат.

Демек бакан мындай карап көрсө төрөлгөндөн өлгөнгө чейин жолду коштоп жүрүп олтурат экен. Албетте ар бир кыргыз боз үйдө төрөлгөн, торолгон, турмушу өткөн, улуу дүйнө уланган, боз үйдөн тукум улай турган урпактарын таап кубанып келген. Боз үй биздин кандай болгон күндө дагы, асман тиреген үйгө жеткенде дагы, боз үйдүн касиетин унутпашыбыз керек. Боз үйдүн дагы бир касиети- ичинде шамал жок, бурчтары жок, кыргыздар ал жерде шайтан ойнойт деп койгон. Бизде бурчтарга дайым желе туруп калат, ал эми боз үйдү карасаныз ал жерде эч качан желе болбойт, өзүнүн ыргагында бир гана температураны, жылуу абаны кармап турат. Ошондой эле, ортодогу очок дагы касиетти кармап турган, сөзсүз түндүктүн түтүнү булап турса, ал түтүн бир мейкиндикке тирүүлүктүн шартын билгизгендей болуп, боз үйдүн бир жакшы сапатын белгилейт. Анан боз үйгө жатып уктасаңыз, ушунчалык керемет жайлоодо тигилип турса, жайлоонун көркүн боз үй эле чыгарат. Ошол жердин, тоонун, боз үйдүн энергиясын алып уктаган кыргыз баласынын өмүрү узак болгон. Кыргыздар боз үйүн бир төөлүк кылып жүктөп алып каалаган жерге суунун башына конуп жашоонун ыракатын көруп келген. Ушул дүйнө өзүбүздө уланып турса дейм дагы деле!

- Чоң рахмат маегиңизге! Айтканыңыз келсин, акыл насаат сөздөрүңүздү уктум! Чыгармачылык ийгиликтериди каалайм сизге, ден – соолугуңуз болуп, мындан ары да акыл- насаатыңызды кыргыз жаштарына айтып жүрө беришиңизди каалайм!



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар