Мираж ыйык түнү бүгүн белгиленет

«Исра жана Мираж керемети» деп аталган бул окуя Курани Каримдин Исра жана Нажм сүрөсүндө баяндалат.

2234470
Мираж ыйык түнү бүгүн белгиленет

Ислам ишеними боюнча Мухаммед Пайгамбардын Аллахтын чакыруусу менен Масжид-и Харамдан Масжид-и Аксага, ал жерден асманга, улуу ааламдарга жана илахийге көтөрүлгөн түнү катары кабыл алынган Мираж ыйык түнү бүгүн белгиленет.

«Исра жана Мираж керемети» деп аталган бул окуя Курани Каримдин Исра жана Нажм сүрөсүндө баяндалат. «Исра окуясы» Мухаммед пайгамбардын бир түндө Меккеден Кудска сапарын, ал эми «Мираж окуясы» анын аркы асманга сапарын билдирет.

Ислам булактарында Меккеден Мединага көчүүдөн бир жыл мурда болгон «Исра жана Мираж» окуясы Мухаммед пайгамбардын Меккеде тарткан азабына Аллахтын жубатуусу катары кабыл алынган.

Мираж түнүндө беш маал намаз парз кылынып, Аллага ширк кылбагандар кечирилет деген сүйүнчү берилген жана Бакара сүрөөсүнүн «Аменеррасулу» менен башталган акыркы эки аяты түшүрүлгөн.

Кошумчалай кетсек, бул түнү Алла Таала Мухаммад Пайгамбарга Исра сүрөсүндө да камтылган жана адамдын жашоо укугун, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого, коомдун тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган адеп-ахлак жана изгилик принциптерин билдирген.



Тектеш кабарлар