Түрк фотографынын F-4 сүрөтү биринчиликти алды

НАТОнун аба командирлигинин расмий эсебинде жыл сайын декабрь айында өткөрүлгөн ошол жылдын эң сонун абадан тартылган согуштук учактарынын фотосүрөттөрү камтылган сынакта Түркиядан катышкан Жем Догут экинчи жолу жеңишке жетти.

2227177
Түрк фотографынын F-4 сүрөтү биринчиликти алды

Түрк авиация фотосүрөтчүсү жана изилдөөчүсү Жем Догуттун Түрк аба күчтөрүнө таандык F-4 Phantom фотосүрөтү 2024-жылдын эң мыктысы деп табылды.

НАТОнун аба командирлигинин расмий эсебинде жыл сайын декабрь айында өткөрүлгөн ошол жылдын эң сонун абадан тартылган согуштук учактарынын фотосүрөттөрү камтылган сынакта Түркиядан катышкан Жем Догут экинчи жолу жеңишке жетти.

Польшанын Аскердик аба күчтөрүнө таандык F-16 учактарынын фотосүрөтү менен өткөн жылы 2023-жылдын эң мыкты аэрофотосүрөтү сыйлыгын алган Жем Догут бул жылы дагы биринчиликти ээледи.

4 фотографка таандык согуштук учак фотосүрөттөрү финалга өткөн сынакта жалпы 17 миң 63 добуш берилди. 76,7 пайыз добуш менен Жем Догуттун Түрк аба күчтөрүнө таандык F-4 Phantom учактарынын ноябрь айында 50 жылдык мааракесинде көл үстүндө учканын көрсөткөн сүрөтү 2024-жылдын эң мыктысы деп тандалды.

Жем Догут сөз болуп жаткан сүрөт тууралуу мындай деди: «Менин сүйүктүү Phantom учагымды A400M учагынын рампасынан сүрөткө тартуу мен эч качан унутпай турган көз ирмем болду. Air Forces Monthly журналынын мукабасында биринчи түрк учагынын сүрөтү 1993-жылы басылып чыккан. Ошол кезде чет элдик фотограф биздин F-16 учактарыбыздын бирин Босниянын үстүндө учуп жүргөнүн сүрөткө тартып алган. Андан бери өткөн 31 жыл ичинде мукабада бир дагы түрк учагын көргөн жокпуз. Ушунча жылдан кийин сүрөтүмдүн мукабага жарыяланганына абдан сыймыктандым».



Тектеш кабарлар