Ферди Тайфур каза болду
Арабеск музыкасынын чеберлеринин бири Ферди Тайфур Анталияда дарыланып жаткан ооруканада каза болду.
Арабеск музыкасынын чеберлеринен Ферди Тайфур Анталияда дарыланып жаткан ооруканада каза болду.
Бул кабарды уккан күйөрмандары атактуу өнөрпоз менен коштошуу үчүн ооруканага барышты.
79 жашында каза болгон Ферди Тайфурдун сөөгү Стамбулга алып барылат жана эртең боло турган жаназа зыйнатынан кийин жерге берилет.
Өнөрпоз акыркы жылдары ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү жашап жаткан.
Буга чейин Анталияда мээ венасына стент тагылган Ферди Тайфурга 2020-жылы да уулунун бөйрөгү трансплантацияланган.
Жараткан музыкасы менен миллиондогон кишинин жүрөгүнөн түнөк тапкан өнөрпоз 9 жолу "Алтын рекорд" сыйлыгына ээ болуп, 30да ашуун альбом чыгарып жана 30дан ашуун тасмага тартылган.
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиадан берген билдирүүсүндө : "Өнөр жамаатынын, түрк музыкасынын маанилүү ысымдарынын бири урматтуу Ферди Тайфурдун каза болушунан терең кайгырдым. Ферди Тайфурга Аллахтын ырайымын, үй - бүлөсүнө, жакындарына жана өнөр жамаатына көңүл айтамын. Жаткан жери жайлуу болсун",- деди.