"Диванү Лүгатит - Түрктүн" 950 жылдыгы ЮНЕСКОНУН иш - чаралар тизмесине кошулду

Кашкарлы Махмуттун "Диванү Лүгатит  - Түрк" чыгармасынын  950 - жылы БУУнун  Билим берүү жана маданият уюму ЮНЕСКОнун 2024 - 2025 - жылдагы иш  - чаралар тизмесине кошулду.

2221508

Түрк маданият жана мурс фондунан берилген билдирүүдө Кашкарлы Махмут тарабынан  11 -  кылымдын экинчи жарымында араптарга түрк тилин үйрөтүү максатында жазылган энциклопедиялык сөздүк мүнөзүндөгү "Диванү Лүгатит  - Түрк" чыгармасынын  950 -  жылынын ЮНЕСКОнун 2024 - 2025 - жылдагы иш  -  чаралар тизмесине алынгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө бул чечимдин Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын биргелешкен сунушу, Венгрия, Мавритания, Марокко, Катар жана Тажикстандын колдоосу менен кабыл алынгандыгы белгиленди.

Түрк маданияты жана мурасы фондунун төрагасы Актоты Райымкулова бул тууралуу : "Дивану Лугатит-Түрк – бул жөн гана сөздүк эмес, бул түрк тилдеринин байлыгынын, түрк каада-салттарынын акылмандыгынын жана түрк маданиятынын жандуулугунун кыскача мазмуну. Дивану Лугатит-Түрктүн 950 жылдыгын белгилөө бир гана эскерүү иш-чарасы эмес, ошол эле учурда  ылдам ааламдашуу доорунда конкреттүү болбогон  түрк мурастарын сактап калуу аракеттерин күчөтүүгө чакырык",- деди. 

Тектеш кабарлар