ТРТ 15-Эл аралык даректүү тасма сыйлыктары Стамбулда ачылуу аземи менен башталды
Бул жылы фестиваль Газадагы адамзаттык трагедияга көңүлдөрдү бурган күчтүү билдирүүлөр менен «Алыс болсо да, чындыгында абдан жакын» деген ураан менен каалгасын көрүүчүлөргө ачты.
Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) 15-Эл аралык даректүү тасма сыйлыктары Стамбулда ачылуу аземи менен башталды.
Бул жылы фестиваль Газадагы адамзаттык трагедияга көңүлдөрдү бурган күчтүү билдирүүлөр менен «Алыс болсо да, чындыгында абдан жакын» деген ураан менен каалгасын көрүүчүлөргө ачты.
Фестивалдын биринчи күнүндө өткөрүлгөн «Адамзатка чакыруу» панелинде Газадагы зулумдукка каршы дүйнөнүн жана өнөрпоздордун көрсөткөн мамилеси талкууланды.
Ачылыш аземине кино жана искусство дүйнөсүнөн көптөгөн коноктор чогулду.
Ачылыштын атайын конокторунун бири «Такты оюндары» сериалындагы унутулгус каарман Давос Сиворт менен таанылган актёр Лиам Каннингем ТРТга маек берди.
Ирландиялык актёр Лиам Каннингэм: «Мындай престиждүү иш - чарага катышуудан сыймыктанып жатам. Бүгүн биз Палестинадагы зулумчулук жөнүндө сөз кылабыз. Эми дүйнөдө сүйлөө эмес, аракетке өтүүнүн убактысы келди. Жашоодо карьераңыздан да маанилүү нерселер бар. Кандайдыр коомчулук геноцидге кабылганда бул бүткүл адамзат үчүн чоң көңүл калуу болот",- деди.
Фестивалда финалга чыккан тасмалардан тышкары атайын тандалган даректүү тасмалар да көрүүчүлөргө тартууланат.
Төрт сынак категориясында 100 өлкөдөн 1700гө жакын кайрылуу болгон фестивалда 40 финалист сыйлык үчүн ат салышат. 15-декабрда боло турган сыйлык тапшыруу аземинде "ТРТ 60 -
жыл атайын сыйлыктары" да болгон 15 сыйлык ээлерине тапшырылат.
Иш-чаранын жабылышы жана сыйлык тапшыруу аземи 15-декабрь жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 20.00дө ТРТ Белгесел экрандарынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Фестивалдын календары жана сынак тууралуу кеңири маалыматты “www.trtbelgesel.com” сайтынан тапса болот.
Тектеш кабарлар
Анталья музейлерине чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө
Жыл сайын миллиондогон туристти кабыл алган Анталья маданий мурастары менен да өзгөчөлөнүүдө.