Кападокияга брондоолор көбөйдү
Кападокия Жаңы жыл түнүндө туристтер үчүн маанилүү багыттардын бири катары өзгөчөлөнүүдө.
2219854
Жаңы жылды Невшехирдин туризм борбору Кападокияда баштоону каалаган туристтердин алдын ала брондоолорунан улам аймактагы көптөгөн мейманканалардын толуусу 80 пайызга жетти.
Пери морлору, таштан оюлган жер астындагы шаарлары, тарыхый жерлери жана ысык аба шарлары менен ар түрдүү туризм иш-чараларына кожоюндук кылган Кападокия Жаңы жыл түнүндө туристтер үчүн маанилүү багыттардын бири катары өзгөчөлөнүүдө.
Ар түрдүү оюн-зоок программаларына даярдыктар уланып жаткан аймактагы объектилерге жаңы жылда туристтердин жык толушу күтүлүүдө.
Аймакта жарыктандырылып жасалгаланган жайлар түстүү көрүнүштү тартууласа, мейманкана жана ресторандардагы даярдыктар акыркы баскычка жетти.