Эл аралык стратегиялык байланыш форуму башталууда
Саммит “Байланыштагы жасалма интеллект: тенденциялар, тузактар жана трансформация” деген темада өтөт.
Эл аралык стратегиялык байланыш форуму (Stratcom Summit 24) эртең Стамбулда башталат.
Саммит “Байланыштагы жасалма интеллект: тенденциялар, тузактар жана трансформация” деген темада өтөт.
Эки күнгө созула турган саммитке өз тармагындагы 3 миңден ашуун адистин катышуусу күтүлүүдө.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун бул тууралуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.
Жасалма интеллект жана технологиянын өнүгүшү менен бирге байланыш тармагында түп-тамырынан бери өзгөрүү болгонун айтты.
Алтун бул трансформацияны түшүнүү жана башкаруу үчүн комплекстүү жана дисциплиналар аралык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн маанилүү экенин билдирди.
Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Жасалма интеллекттин адамзатка кандай пайда алып келерин, анын байланышта жараткан трансформациясын, сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрүн жана алып келген коркунучтарын терең иликтейбиз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Ризеде 9-Кышкы сууда сүзүү фестивалы
Качкар тоолору улуттук паркында жайгашкан айылдагы иш-чарада 40 адам суукка карабай сууга киришти.