Дүйнөлүк Халал саммити жана Халал Экспо уланууда
Саммиттин экинчи күнүндө көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Дүйнөлүк Халал саммити жана Халал Экспо Стамбулда уланууда.
Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) тиешелүү мекемеси Ислам өлкөлөрүнүн Стандарттар жана метрология институтунун (SMIIC) кызматташтыгы, Соода министрлиги жана Халал аккредитация агенттигинин координациясында жергиликтүү жана чет элдик министрликтер, ар түрдүү мекеме жана уюмдардын салымдары менен уюштурулган саммиттин экинчи күнүндө көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Дүйнөлүк Халал саммити жана Халал Экспонун алкагында билдирүү жасаган Дүйнөлүк Халал саммитинин координатору Айлин Шенгүл быйыл Дүйнөлүк Халал саммитинин онунчусу өтүп жатканын, кечээки ачылыш программаларынан бери иш-чаранын кызуу катышуу менен уланып жатканын айтты.
Шенгүл иш-чарага 50гө жакын өлкөдөн 500 жергиликтүү жана чет элдик бренд катышканын билдирди.
Халал экономика жана халал секторунун бир гана мусулмандарга арналган сектор эмес экенине көңүл бурган Шенгүл, өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл B2B сүйлөшүүлөрүндө да өсүү болгонун айтты.
Шенгүл Дүйнөлүк Халал саммитинин алкагында быйыл эки өзгөчө тармак түзгөндөрүн белгилеп, «Булар жеке энбелги тармагы жана табигый органикалык вегетариандык тармак. Бул эки тармакка биз чоң ишеним артабыз. Түркия жеке бренд жагынан абдан маанилүү абалда, өндүрүүчүлөрдүн 30 пайызга жакыны бул тармакта кызмат көрсөтөт. Эмдиги жылы бул эки тармак өз жаатында жарманкелерди өткөрөт»,-деди.
Тектеш кабарлар
Шырнакта опера жана балет фестивалы
Оркестрди баглама, ней, флейта, барабан жана кеманечилер коштойт.
“Салттык тулум аспабын жасоо жана чертүү” ЮНЕСКОнун тизмесинде
Эрсой: "Бул ийгилик менен ЮНЕСКОдогу мурас элементтерибиздин саны 31ге жетти".