Түрк тилинин эл аралык поэзия фестивалы Өзбекстанда башталды

Өзбекстан Жазуучулар союзунун кожоюндугундагы иш-чаранын алдында катышуучулар белгилүү өзбек акыны Алишир Неваинин эстелигине гүлчамбар коюшту.

2214734
Түрк тилинин эл аралык поэзия фестивалы Өзбекстанда башталды

«Түрк тилинин эл аралык поэзия фестивалы» Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте  башталды.

Маданият жана туризм министрлиги, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Анкара коомдук илимдер университети, Эл аралык Түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) жана Өзбекстан Жазуучулар союзунун колдоосу менен Ташкентте башталган «Түрк тилинин 16-Эл аралык поэзия фестивалына» Түрк дүйнөсүнөн жана Балкан өлкөлөрүнөн 100гө жакын акын катышууда.

Өзбекстан Жазуучулар союзунун кожоюндугундагы иш-чаранын алдында катышуучулар белгилүү өзбек акыны Алишир Неваинин эстелигине гүлчамбар коюшту.

Анкара коомдук илимдер университетинин ректору жана Түркия Жазуучулар союзунун төрагасы профессор доктор Муса Казым Арыжан да поэзия фестивалынын биринчи жолу Өзбекстанда өтүп жатканын айтты.

Арыжан: «1992-жылдан бери Түркия Жазуучулар союзунун демилгеси менен эки жылда бир өтүп жаткан Түрк тилинин эл аралык поэзия фестивалы Түрк дүйнөсүнүн ар башка аймактарында жашаган, ар түрдүү диалектилерде чыгарма жараткан жүздөгөн акындар биригип, сүйүү көпүрөлөрүн куруп, достук байланыштарын бекемдеген иш-чара. Фестивалга Түрк дүйнөсүнүн ар тарабынан келген акындар чогулду»,-деди.

30-ноябрга чейин улана турган фестивалдын алкагында поэзия семинарлары, концерттер, поэзия бөлүмдөрү жана китеп таанытуу иш-чаралары уюштурулат.



Тектеш кабарлар