Тегеранда атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери

Чоң кызыгууну жараткан көргөзмө 19-декабрга чейин ачык болот.

2214865
Тегеранда атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери

Ирандын борбор шаары Тегерандагы Заманбап искусство музейинде ачылган «Көзгө көз» аттуу көргөзмөдө заманбап дүйнөлүк искусствонун шедеврлеринен турган эмгектер коюлду.

Көргөзмөдө Сальвадор Дали, Фрэнсис Бэкон, Пабло Пикассо, Винсент Ван Гог, Энди Уорхол, Эдвард Моне жана Камал Эл Молк сыяктуу сүрөтчүлөрдүн 120 эмгеги бар. 

«Көзгө көз» аттуу көргөзмөдө маанай, тарыхый портрет жана аял портрети сыяктуу түрдүү бөлүмдөр да орун алууда.

Көргөзмөнүн интерактивдүү бөлүгү да конокторго портрет искусствосунун тарыхын жана ыкмаларын ачууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берет.

Чоң кызыгууну жараткан көргөзмө 19-декабрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар