Седдүлбахир сепилине сыйлык
Сепилдин долбоору буга чейин да көптөгөн улуттук жана эл аралык сыйлыктарды алган.
Чанаккаледеги Седдүлбахир сепилинин реставрациясы, өз тармагындагы абройлуу сыйлыктардын бири болгон Dezeen сыйлыгын алды.
Сепилди калыбына келтирүү иши, Австралия, Кытай, Малайзия, Бельгия, Англия жана Шотландиядан 15 долбоорду жеңип, Dezeen журналы тарабынан уюштурулган сынакта биринчи болуп тандалды.
Сыйлык 90 адамдан турган калыстар тобунун баалоосунун натыйжасында Архитектура категориясындагы Мурас долбоору тармагында берилди.
Сынакка 82 өлкөдөн 231 долбоор ар түрдүү категориялар боюнча катышты.
Седдүлбахир сепили 1658-жылы Чанаккаленин кире беришине курулган.
1914-жылы 3-ноябрда Чанаккале согуштарынын башталышында бомбаланган сепилде алгачкы шейиттер берилген.
2015-жылы Гелиболу Тарыхый аянт башкармалыгы тарабынан сепилде реставрация долбоору башталган.
Реставрациядан кийин Седдүлбахир сепили Түркия Республикасынын 100 жылдыгына карата 2023-жылдын 18-мартында президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ачылган.
Сепилдин долбоору буга чейин да көптөгөн улуттук жана эл аралык сыйлыктарды алган.
Тектеш кабарлар
Седдүлбахир сепилине сыйлык
Сепилдин долбоору буга чейин да көптөгөн улуттук жана эл аралык сыйлыктарды алган.