Япондор чай демдегенди ризеликтерден үйрөнөт

Японияда түрк чайын таанытуу максатында өткөрүлө турган иш-чарада түрк чайын демдөөнүн жолдору үйрөтүлөт.

2214964
Япондор чай демдегенди ризеликтерден үйрөнөт

Японияда түрк чайын жарнамалоо максатында өткөрүлө турган иш-чарада түрк чайын демдөөнүн жолдору үйрөтүлөт.  
Соода министрлигинин координациясында ишке ашырылып жаткан "Turquality" проектинин алкагында 11- 13 - аралыкта  боло турган иш-чарада ризелик чай демдөө  чеберлери Япониянын борбор шаары Токиодо чай демдөөнүн жолдорун уюштуруу менен   конкурстарды уюштурушат.

Иш-чарада түрк чайын демдөөнүн жолдору  менен бренддин жарнамасынын өсүшүнө салым кошуу пландалууда.

"Turquality" жарнамалоо иш  - чарасынын алкагында чай демдөө  жана даам татуу иш-чаралары, интернет жана социалдык медиа каналдарында таанытуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Таанытуу  иш-чаралары менен бирге  конференция жана семинар сыяктуу иш-чаралар менен потенциалдуу катары аныкталган Япония, Кытай Эл Республикасы, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Түрк республикалары менен Россия Федерациясынын базарларында түрк чайынын бренддик жарнамасы жогорулайт.



Тектеш кабарлар