Лондондо Денкташтын жашоосун чагылдырган көргөзмө ачылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) куруучу президенти Рауф Денкташтын сүрөттөрү, Кипр тарыхы жана жеке жашоосу тууралуу сөздөрү камтылган «Денкташ Лондондо» көргөзмөсү Англиянын борбору Лондондо көргөзүлдү.

2210797

Лондондогу «Юнус Эмре» институтундагы (YEE) көргөзмөнүн ачылышына Түркиянын Лондондогу элчиси Осман Корай Эрташ, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Лондондогу өкүлү Чимен Кескин, Лондондогу YEE директору Мехмет Каракуш, көргөзмөнү даярдаган Мине Кар жана Жем Кар жана коноктор катышты.

Жем менен Мине Кар көргөзмөнүн Денкташтын фото архивиндеги 50 миңге жакын фотосүрөттөн тандалган 250 фотосүрөттөн турганын айтты.

Жем менен Мине, Денкташтын ал көз ирмемдерге байланыштуу сөздөрүнүн фотосүрөттөр менен бирге орун алганын, көргөзмөнү интернеттен да көрүүгө боло турганын айтты.

Кипрдин тарыхын да баяндаган көргөзмөдө Денкташтын өз камерасы менен тарткан сүрөттөрү да орун алды.

Лондондогу YEEде 30-ноябрга чейин ачык боло турган көргөзмөнү иш күндөрү саат 10.00 менен 16.00 арасында көрүүгө болот.

Тектеш кабарлар