ТРТнын даректүү тасма сынагы
Улуттук жана эл аралык категорияларда 13 сыйлык берилет.
Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) быйыл 15-ирет уюштурган «TRT Эл аралык даректүү тасма сыйлыктарына» арыздар 15-ноябрга чейин уланат.
Сынак ышкыбоз жана профессионал даректүү кинорежиссёрлорду колдоо, даректүү жанрдын өнүгүшүнө жана жайылышына салым кошуу, ар кайсы өлкөлөрдөн даректүү тасмалардын көрүүчүлөр менен жолугушуусун камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.
Дүйнөнүн төрт бурчунан документалисттер чогулуп пикир алмаша турган аянтча түзүүнү максат кылган сынакка 15-ноябрга чейин «www.trtbelgesel.com» сайтынан кайрылуу жасалса болот.
Газадагы адамдык трагедияга көңүл буруу максатында быйыл «Алыс болсо да, чындыгында абдан жакын» урааны менен уюштурулган иш-чарага 17-октябрга карата бир гана чет өлкөдөн 840 кайрылуу келип түштү.
Улуттук жана эл аралык категорияларда 13 сыйлык берилет
Катышуу бекер болгон сынакта сыйлыктар “Эл аралык кесипкөй категория”, “Улуттук кесипкөй категория”, “Улуттук студент категориясы” жана “долбоорлорду колдоо категориясы” боюнча өз ээлерин табат.
Алгачкы 3 категорияда болсо ТРТнын 60 жылдык мааракесинен улам «60 жылдык атайын сыйлык» да берилет. Сынактын алкагында бардык категориялар боюнча жалпысынан 13 сыйлык тапшырылат.
Алдын ала тандоонун жыйынтыгы 22-ноябрда чыгарылса, жеңүүчүлөр 15-декабрдагы сыйлык тапшыруу аземинде жарыяланат.
Кино тармагынын адистери менен мастер-класстарды, даректүү тасма тартуунун бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу маектерди жана семинарларды камтыган иш-чаралар бардык катышуучулар үчүн ачык жана акысыз болот.
Тектеш кабарлар
Шырнакта опера жана балет фестивалы
Оркестрди баглама, ней, флейта, барабан жана кеманечилер коштойт.