Россиянын борбор шаары Москвада "22 - Москва эл аралык Куран окуу конкурсу" башталды
Россия Федерациясы Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Катардын Фонддор жана Ислам иштери боюнча министрлиги менен биргеликте уюштурган конкурстун ачылыш программасы Москва шаарынын борбордук мечитинде өттү.
Россиянын борбор шаары Москвада "22 - Москва эл аралык Куран окуу конкурсу" башталды.
Россия Федерациясы Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Катардын Фонддор жана Ислам иштери боюнча министрлиги менен биргеликте уюштурган конкурстун ачылыш программасы Москва шаарынын борбордук мечитинде өттү.
Программага Россия Федерациясы Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасынын орун басары жана сынакты уюштуруу комитетинин төрагасы Рушен Аббасов, дин кызматкерлери жана Москва шаарында жашаган мусулмандар катышты.
Ачылыш сөзүн сүйлөгөн Рушен Аббасов конкурстун маанисине токтолуп : «Бул иш-чара дүйнө мусулмандарын бириктирет»,-деди.
Программанын мазмунунун бай экенин билдирген Аббасов конкурстун алкагында “Глобалдык трансформациялардын шартында салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктар” аттуу эл аралык конференция жана “Куран дүйнөсү” аттуу көргөзмөнүн өткөрүлөрү тууралуу маалымат берди.
Араларында Россия, Палестина жана Катар да болгон 30дан ашуун өлкөдөн катышуучулар катышкан сынакта Түркиядан Кахраманмараш Фетхи Күтүкчү мечитинин имамы Хатиби Убейдулла Кырлар катышууда.
3 күнгө созула турган конкурстун жабылыш аземи 8 - ноябрда өткөрүлөт.
Тектеш кабарлар
"Буудай даны" тасмасы Нигерияда сыйлыкка ээ болду
Серкан Байрам сыйлык кабарын социалдык медиа эсебине билдирүү менен жарыялады.