Кападокияда шарлар түрк желегин желбиретти
Туристтерге аймактын жаратылыш кооздуктарын асмандан көрүүгө шарт түзгөн ысык аба шарлары 29 - октябрь Республика майрамынан улам түрк желектери жана Ататүрктүн портреттери менен учту.
Кападокияда ысык аба шарлары пери моруларынын үстүнөн түрк желектери жана Ататүрктүн портрети менен учту.
Туристтерге аймактын жаратылыш кооздуктарын асмандан көрүүгө шарт түзгөн ысык аба шарлары 29 - октябрь Республика майрамынан улам түрк желектери жана Ататүрктүн портреттери менен учту.
Невшехирдин Гөреме аймагында учууга даярданган шарлар күндүн чыгышы менен бир биринин артынан көк жүзүнө көтөрүлдү.
Ондогон ысык аба шарлары пери морулары жана табигый аскалар менен капталган өрөөндөрдө бир саатка жакын учту.
Ысык аба шарынын учкучу Өмер Шекеряпан түрк улутун майрамы менен куттуктагандыгын белгилеп : "Күн сайын шарлар менен турларды уюштурабыз бирок бүгүн желектерибиз менен учуп жатабыз жана сыймыктануудабыз. Жергиликтүү жана чет элдик конокторубуз менен аймактын асманында болобуз",- деди.