АКШнын Сан-Франциско шаарында биринчи жолу түрк фестивалы

Фестиваль аянтында курулган стенддерде Түркияны тааныткан өнүмдөр, эбру искусствосу жана фотосүрөттөр көргөзмөгө коюлду.

2193097
АКШнын Сан-Франциско шаарында биринчи жолу түрк фестивалы
abd san francisco Turk festivali.jpg
abd san francisco Turk festivali1.jpg
abd san francisco Turk festivali2.jpg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында биринчи жолу түрк фестивалы өткөрүлдү.

Сан-Францискодогу Эмбаркадеро Плаза аянтында Түрк-Америка коому тарабынан уюштурулган түрк фестивалында жергиликтүү бийлер менен катар татар, уйгур жана казак бийлери да түркүн түстүү көрүнүштөрдү тартуулады.

Фестиваль аянтында курулган стенддерде Түркияны тааныткан өнүмдөр, эбру искусствосу жана фотосүрөттөр көргөзмөгө коюлду.

Түркиянын Лос-Анжелестеги башкы консулу Синан Кузум, бул фестивалдардын өлкөнүн таанытылышы үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

Фестивалда түрк коомчулугуна караганда чет элдик катышуучулардын көп болгонуна көңүл бурган Кузум фестивалдын чоң кызыгуу жаратканын билдирип: «Акыркы убакта өлкөбүздүн дүйнөдөгү орду, жактаган доолор менен алдыңкы планга чыккандан кийин өлкөбүзгө кызыгуунун канчалык көп экенин көрүүгө болот»,- деди.



Тектеш кабарлар