ТРТнын даректүү тасмасы сыйлык алды
Бул даректүү тасма, Палестинадагы басып алуунун артында эмнелер болуп жатканын ачыкка чыгарды.
Түркия радиотелекөрсөтүү мекемеси (TRT) тарабынан даярдалган «Ыйык басып алуу: Палестина жерлерин тартып алуу» даректүү тасмасы Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо өткөрүлгөн Эл аралык Аль-Жазира Балкандар даректүү тасма фестивалында «Эң мыкты даректүү тасма жана программа» сыйлыгына ээ болду.
ТРТнын эл аралык каналы TRT World тобу сионист баскынчылардын арасына жашыруун кирип даярдаган даректүү тасма, Палестинадагы басып алуунун артында эмнелер болуп жатканын ачыкка чыгарды.
Дүйнө менен биринчи жолу бөлүшүлгөн кадрлары жана кызыктуу маектеринен улам маанилүү ийгиликке жетишкен даректүү тасма, TRTнын эл аралык таасир этүү көз карашын жана коомдук телерадио жоопкерчилиги менен жүргүзгөн иштеринин күчүн дагы бир жолу көрсөттү.
Тектеш кабарлар
Ванда "Дүйнөлүк робот кубогу" сынагы
Сынакка Түркиядан жана ар башка өлкөлөрдөн 130 команда катышууда.