Түрк кофеси Катарда таанытылды
Борбор калаа Дохадагы Конгресс жана көргөзмө борборунда уюштурулган жарманке кофе сүйүүчүлөрдү жолугушту.
Катарда быйыл экинчи жолу өткөрүлгөн Доха эл аралык кофе жарманкесинде түрк кофеси таанытылды.
Борбор калаа Дохадагы Конгресс жана көргөзмө борборунда уюштурулган жарманке кофе сүйүүчүлөрдү жолугуштурду.
Жарманкеде Доха Юнус Эмре институту тарабынан келгендерге түрк кофеси тартууланды.
Конокторго түрк кофеси менен бирге түрк локуму да сунулду.
Мындан тышкары конокторго түрк кофесинин тарыхы, түрк маданиятындагы орду жана өндүрүшү тууралуу маалымат берилди.
28-сентябрга чейин ачык боло турган жарманкеде дүйнөнүн төрт бурчунан келген коноктор кофе маданиятын жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Жарманке Түркия менен Катардын ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдеп, түрк кофесинин эл аралык деңгээлде көбүрөөк таанылышына салым кошоору күтүлүүдө.
Түрк кофеси 2013-жылдын 5-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилип, 5-декабрь «Дүйнөлүк түрк кофеси күнү» катары белгилене баштаган.