Байыркы Эфес шаары 1,8 миллион туристти кабыл алды

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, Эфес 2023-жылдын январь-август айларында 1 миллион 150 миң 529 туристти кабыл алды.

2184066
Байыркы Эфес шаары 1,8 миллион туристти кабыл алды

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Эфес байыркы шаары, үстүбүздөгү жылдын 8 айында дүйнөнүн ар башка аймактарынан жана Түркиядан 1 миллион 854 миң 220 туристти кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан ишке киргизилген түнкү музей программасы күн баткандан кийин да Байыркы Эфес шаарынын теңдешсиз кооз жерлерин көрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Цельс китепканасы, Агора аянты, Куретлер көчөсү, Домициан храмы, Траян фонтаны, 25 миң кишилик чоң байыркы театр, стадион жана байыркы порт аймактарында колдонулган жарыктандыруулар туристерге жагымдуу көрүнүш тартуулоодо.

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, Эфес 2023-жылдын январь-август айларында 1 миллион 150 миң 529 туристти кабыл алды.

Быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде болсо туристтердин саны 1 миллион 854 миң 220 деп катталды.



Тектеш кабарлар