2500 жылдык алтын шуру Түркияга кайтарылды
Алтын шуру Түркиянын Бостондогу башкы консулдугунда өткөрүлгөн расмий азем менен тапшырылды.
Түркиядан уурдалып Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Бостон шаарындагы музейде көптөгөн жылдар бою көргөзмөдө турган Лидия дооруна таандык болжол менен 2500 жылдык алтын шуру түрк бийлигине кайтарылды.
Манисанын Бинтепелер аймагынан 1982-жылы АКШга контрабандалык жол менен алып барылган алтын шуру Түркиянын Бостондогу башкы консулдугунда өткөрүлгөн расмий азем менен тапшырылды.
Нью-Йорктогу маданият жана таанытуу атташеси Хилал Демирел, шурунун болжол менен 20 сантиметр узундуктагы алтын жана карнел таштарынан жасалган анар сымал мончоктордон турганын маалымдады.
Демирел: «Бул экспонат биздин заманга чейинки 6-5-кылымга таандык жана Лидия искусствосуна мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ. Бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып келген бул экспонат, Маниса музей директорлугунун инвентаризациясында катталган Бинтепелер некрополунун аймагында табылган башка экспонаттарга окшош»,-деди.
Алтын шурунун аймак үчүн тарыхый жана маданий маанисине токтолгон Демирел: «Бул экспонаттын кайтарылышы археологиялык изилдөөлөрдүн илгерилеши жана маданий мурастарыбыздын корголушу жагынан да маанилүү кадам катары баа берилүүдө»,-деп айтты.
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой да 2024-жылы 20 тарыхый экспонаттын Түркияга кайтарылганын, «Бинтепелер шурусу» менен бул сандын 21ге жеткенин билдирди.