Хүржет Египеттин асманында
ХҮРЖЕТ 3-5-сентябрь аралыгында Эл-Аламейн эл аралык аэропортунда биринчи жолу өткөрүлө турган Египет эл аралык аба жарманкеси үчүн Анкарадан учуп чыккан.
Египеттеги Эл аралык авиация жарманкесинде көрсөтүлө турган реактивдүү учак ХҮРЖЕТ Египетке жетти.
Түркиянын аэрокосмостук өнөр жайынын (TUSAŞ) билдирүүсүнө караганда, 3-5-сентябрь аралыгында Эл-Аламейн эл аралык аэропортунда биринчи жолу өткөрүлө турган Египет эл аралык аба жарманкеси үчүн Анкарадан учуп чыккан ХҮРЖЕТ Жер Ортолук деңизинен өтүп Египетке конду.
ХҮРЖЕТ Африканын эң маанилүү коргонуу жана авиация жарманкесинде көрсөтүлүп шоу учуусун ишке ашырат.
Жарманкенин акыркы күнүндө ХҮРЖЕТтин Египеттин символдорунун бири болгон пирамидалардын үстүнөн учушу күтүлүүдө.
ХҮРЖЕТ акыркы учуу сыноолорунда 45 миң фут бийиктикке көтөрүлүү менен жөндөмдүүлүгүн өнүктүрдү.
Учак жогорку бийиктикте учуу сыноолорунда 0,9 mach ылдамдыгына жеткен.
Алгачкы учуусунан бери учак 100дөн ашуун учууну ишке ашырып, абада калуу мөөнөтү 120 саатка жетти.