Кападокияда учкан шарларга түрк желектери илинди
Табигый, тарыхый жана маданий байлыктары жана кызыктуу географиясы менен жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүлүн бурган туризм аймагы Кападокияда себетине илинген түрк желектери менен ысык аба шарлары учту.
Кападокия аймагындагы ысык аба шарлары 30-Август Жеңиш майрамынан улам түрк желектери менен учууларын аткарды.
Табигый, тарыхый жана маданий байлыктары жана кызыктуу географиясы менен жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүлүн бурган туризм аймагы Кападокияда себетине илинген түрк желектери менен ысык аба шарлары учту.
Туристтерге асмандан пери мору менен капталган өрөөндөрдү жана табигый аска түзүлүштөрүн көрүүгө мүмкүндүк берген ысык аба шарлары күн чыкканда учууга даярдалды.
Невшехирдин Гөреме шаарындагы аба шарынын учуу аймагындагы даярдыктардан кийин жооптуу кызматкерлер тарабынан себеттерге түрк желектери илинди.
Турга катышкан туристтер учкандан кийин аба шарлары биринин артынан бири асманга көтөрүлүп, болжол менен 1 саатка жакын аймактын асманында калкып турду.