Түркиянын стипендиялык программасын 2800 студент бүтүрдү

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар төрагалыгы (YTB) Түркия стипендиясынан пайдаланган эл аралык студенттерге Стамбулда бүтүрүү аземин өткөрдү.

2174730
Түркиянын стипендиялык программасын 2800 студент бүтүрдү
turkiye burslari mezuniyet.jpg
turkiye burslari mezuniyet.jpg
turkiye burslari mezuniyet.jpg

Түркиянын стипендиялык программасын 2800 студент бүтүрдү.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар төрагалыгы (YTB) Түркия стипендиясынан пайдаланган эл аралык студенттерге Стамбулда бүтүрүү аземин өткөрдү.

Салтанат бүтүрүүчүлөрдүн сөз сүйлөөсү менен башталды.

Аземге катышкан YTB төрагасы Абдуллах Эрен Түркияда 180 өлкөдөн келген студенттерди кабыл алганын жана бул сандын жыл сайын көбөйүп жатканын айтты.

Салтанатка Стамбулдун губернатору Давут Гүл да катышты. Гүл студенттердин Түркия менен өз өлкөлөрүнүн ортосунда көпүрө болоорун айтты.

Сөздөрдөн кийин даражага ээ болгон студенттерге сыйлыктар тапшырылды.



Тектеш кабарлар