Коргоо өнөр жайында дүйнөдөгү алдыңкы 100 орунга кирген түрк фирмалары

2023-жылы 4 түрк фирмасы кирген тизмеде быйыл MKE биринчи жолу орун алды.

2172107
Коргоо өнөр жайында дүйнөдөгү алдыңкы 100 орунга кирген түрк фирмалары

Коргоо өнөр жайында дүйнөдөгү алдыңкы 100 орунга кирген түрк фирмаларынын саны 5ке жетти.

АКШда жайгашкан дүйнөнүн эң престиждүү коргоо өнөр жайы тизмеси катары кабыл алынган «Defence News Top 100дөгү» түрк фирмаларынын арасында ASELSAN (Аскердик электроникалык өнөр жай) 42-орунду ээледи.

TUSAŞ (Түрк учак өнөр жайы акционердик өнөктөштүгү) 50-орун, Roketsan 71-орун, Машина куруу жана химия өнөр жайы (MKE) 84-орун, ASFAT (Аскердик Завод жана кеме куруу акционердик компаниясы) 94-орунда.

2023-жылы 4 түрк фирмасы кирген тизмеде быйыл MKE биринчи жолу орун алды.

Былтыр 47-орунда турган ASELSAN 42-орунга, 58-орунда болгон TAI 50-орунга, 100-орунда болгон ASFAT болсо 94-орунга көтөрүлдү. Ушундайча тизмеге кирген түрк фирмаларынын баары былтыркыга салыштырмалуу саптарын жогорулатты.

Тизменин алдыңкы ондугуна АКШдан 6, Кытайдан 3, Улуу Британиядан 1 компания кирди.

Lockheed Martin өзүнүн жогорку позициясын сактап, бул компаниядан кийин Aviation Industry Corporation of China жана RTX турат.

4-орунду Northrop Grumman, 5-орунду General Dynamics, ал эми Boeing 6-орунду ээледи.



Тектеш кабарлар