Айдында миң жылдык 47 көрүстөн табылды
Ахарака храмы жана Анадолунун эң жакшы сакталган китепканаларынын бирине ээ байыркы шаар театры, стадиону жана парламент имараты менен көңүлдөрдү бурат.
Айдындын байыркы Ниса шаарында миң жылдык 47 көрүстөн табылды.
Ахарака храмы жана Анадолунун эң жакшы сакталган китепканаларынын бирине ээ байыркы шаар театры, стадиону жана парламент имараты менен көңүлдөрдү бурат.
Байыркы Ниса шаарындагы казуу иштеринин башчысы Анкара университетинин Тил, тарых жана география факультетинин профессору доктор Сердар Хакан Өзтанер, казуу иштери учурунда Эфес, Магнезия жана Траллейс багыттарындагы негизги соода жолу менен байланышты камсыз кылган көчөгө жеткендерин айтты.
Көчөнүн 7-кылымга чейин колдонулганын жана жер титирөөдөн кийин жер астында калганын белгилеген Өзтанер, көчөнүн үстүнкү топурагынан 47 көрүстөн тапкандарын маалымдады.
Көмүлгөндөрдүн 11-кылымга таандык экенин билдирген Өзтанер: «Көчө линиясынан 47 көрүстөн таптык. Алардын көбүнүн бөбөктөр менен балдарга таандык болушу 11-кылымда шаарда эпидемиялар жана жашоонун кыйын болгонун көрсөтүп турат»,-деди.
Көрүстөндөрдүн биринин бөлмө көрүстөнү экенин түшүндүргөн Өзтанер: «Бул көрүстөндү ачканыбызда тыйынга жабышкан токуулган чүпүрөктү таптык. Антропологдор ал көрүстөндүн ээсинин аял экенин аныкташты. Болжол менен кырк жаштарында/.../ Монетанын тарыхынан көрүстөндөрдүн 11-кылымга таандык экенин аныктадык»,-деп кабарлады.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.