Горан Брегович Анкарада музыка сүйүүчүлөр менен жолугушту

Өнөрпоз  8 - июлда Чешме ачык асман театрында, 12  -июлда да Стамбулда концерт берет.

2160372
Горан Брегович Анкарада  музыка сүйүүчүлөр менен жолугушту

Балкан музыкасынын чеберлеринен Горан Брегович Түркия гастролунун алгачкы аялдамасы борбор шаар Анкарада музыка сүйүүчүлөр менен жолугушту.

"The Wedding and The Funeral Band" (Той жана жаназа оркестры) менен Оран  ачык аба сахнасында концерт берген өнөрпоз  сахнада сүйлөгөн сөзүндө : "Бул кечте сиздер менен бирге болгонума абдан кубанычтамын. Сиздерге музыкага толгон жагымдуу кеч каалайм",- деди.

Брегович араларында "Vino Tinto", "Maki Maki" ve "Duj Duj" сыяктуу популярдуу ырларын аткарды.

Музыка сүйүүчүлөр бийлеп, ырга ыргак менен коштолгон концерт болжол менен 2 саатка созулду.

Өнөрпоз  8 - июлда Чешме ачык асман театрында, 12  -июлда да Стамбулда концерт берет.

 

 

 



Тектеш кабарлар