Хатайда дубал сүрөттөрү менен Гиннес рекорддор китебине кайрылуу жасалды

9 айда бүткөрүлгөн дубал сүрөттөрү Жээк коопсуздук командирлиги тарабынан өлчөнүп, Гиннес рекорддор китебине кирүүсү үчүн арыз берилди.

2159380
Хатайда  дубал сүрөттөрү менен Гиннес рекорддор китебине кайрылуу жасалды
hatay-duvar resimleri-Guinness Rekorlar Kitabi.jpg
hatay-duvar resimleri-Guinness Rekorlar Kitabi1.jpg
hatay-duvar resimleri-Guinness Rekorlar Kitabi2.jpg
hatay-duvar resimleri-Guinness Rekorlar Kitabi3.jpg
hatay-duvar resimleri-Guinness Rekorlar Kitabi4.jpg

Хатайдын Самандаг районунда балыкчылар баш калкалаган  жерде 515 метр узундуктагы дубалга тартылган сүрөттөр менен Гиннес рекорддор  китебине кайрылуу жасалды. 

Мэриядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Хатай мэриясынын  Экологияны коргоо жана көзөмөлгө алуу мекемесинин сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин негизинде дубалга түрк киносу Йешилчамдын белгилүү актерлору жараткан образдар, дүйнөлүк кинонун негизги портреттери, мультфильм каармандары жана деңиз жандыктары орун алган силуеттер  тартылган.

9 айда бүткөрүлгөн дубал сүрөттөрү Жээк коопсуздук командирлиги тарабынан өлчөнүп, Гиннес рекорддор китебине кирүүсү үчүн арыз берилди.

Туризмге салым кошууну максат кылган долбоордун алкагында зыяратчыларга ностальгиялык темалар жана популярдуу маданият сүрөттөрү менен көңүл ачуучу мүмкүнчүлүктөрү берилет.



Тектеш кабарлар