Афинада түрк жана грек обондору жаңырды

Грециянын борбор шаары Афинада өткөн "Эгей обондору" концертинде түрк өнөрпоз Назлы Хажыалиоглу жана грек өнөрпоз Танасис Василопулос түрк жана грек тилдеринде чыгармаларды аткарышты.

2145437

Түркиянын Афинадагы элчиси Чагатай Эржийестин жетекчилигинде өткөрүлгөн иш  -  чарада Түркия жана Грециядан обондор аткарылды. 

Элчи Эржийес концерттен мурда сүйлөгөн сөзүндө түрк   грек карым  - катнаштарында акыркы мезгилде болгон оң атмосферага көңүл бурулуп,  бул мамиленин экономика, соода жана маданият сыяктуу бир топ тармакта көрсөтө баштагандыгын баса белгиледи. 

Бул концерттин түрк - грек мамилелерин бекемдей турган кадамдардын бири экенин белгилеген Эржиес : "Эки өлкөнүн ортосунда маданият, искусство жана музыка тармагында кызматташуулар көбөйөт деп ишенем», - деди.

Тектеш кабарлар