Стжепан Хаузер Стамбулда концерт койду
Концертте 2 саатка жакын чыгармаларды аткарган өнөрпоз көрүүчүлөргө эң кыска убакытта кайрадан Стамбулга келерин айтты.
2066093



Лука Сулич менен 2Cellos музыкалык дуэтин негиздеген хорватиялык виолончелист Стжепан Хаузер Стамбулда угуучулары менен жолугушту.
Концертти «Бах прелюдия», «Жашыруун бакча» жана «Карузо» аттуу пьесалары менен баштаган Хаузер «Кариб деңизинин каракчылары» жана «Тактылар оюну» сыяктуу белгилүү кино жана сериал саундтректерин да аткарды.
Көрүүчүлөр менен аралашып, алар менен сүрөткө түшкөн Хаузер дүйнө жүзү боюнча популярдуу болгон Сезен Аксуга таандык Таркандын «Шымарык» аттуу ырын аткарып түрк күйөрмандарын таң калтырды.
Концертте 2 саатка жакын чыгармаларды аткарган өнөрпоз көрүүчүлөргө эң кыска убакытта кайрадан Стамбулга келерин айтты.
Концерт элдин купулуна толду.