Нью-Йорктогу Түрк үйүндө эл аралык тамак-аш фестивалы
Фестивалга 18 өлкө катышты.

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарындагы Түрк үйү экинчи жолу "Эл аралык тамак-аш фестивалына" эшигин ачты.
Түркиянын Нью-Йорк башкы консулдугунун кожоюндугунда, Чет элдик консулдар коому тарабынан уюштурулган фестивалга 18 мамлекет катышты.
Фестивалга Нью-Йоркто иштеген башкы консулдар, жогорку жетекчилер, дипломатиялык миссиянын кызматкерлери жана көптөгөн коноктор катышты.
Музыка менен коштолгон фестивалда Филиппин, Болгария, Казакстан жана Мексикадан өнөрпоздор салттуу музыкалары менен кыска концерт уюштурушту.
Конокторго дүйнө ашканасынан, өзгөчө түрк ашканасынан түрдүү тамактар жана суусундуктар тартууланды.
Бул жерде сөз сүйлөгөн Түркиянын Нью-Йорктогу башкы консулу Рейхан Өзгүр, Нью-Йорктогу берки дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөр жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте бул иш-чаралардын уюштурулганын белгилеп: «Ушул өзгөчөлүгүнөн улам Түрк үйү Нью-Йоркто маданият жана дипломатиянын борборуна айланды»,-деди.
Мунун Түркиянын таанытылышына салым кошконуна басым жасаган Өзгүр, Түрк үйүнүн бул миссиясын уланта турганын айтты.