TRT World каналынан Кипр даректүү тасмасы
The Forfront Cyprus даректүү тасмасы Кипр Түрк элинин жашоо жана эгемендүүлүк тарыхын экрандарга алып чыгат.

Акыркы мезгилдеги ийгиликтүү иштери менен көңүлдөрдү бурган Түркиянын алдыңкы эл аралык кабар каналы TRT World жаңы иш-аракети менен көрүүчүлөрдүн алдына чыгууда.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 40 жылдыгында алты бөлүмдөн турган The Forfront Cyprus даректүү тасмасы Кипр Түрк элинин жашоо жана эгемендүүлүк тарыхын экрандарга алып чыгат.
Түркчө "Эгемендүүлүк Жолу Кипр" деп аталган даректүү тасма Кипр тынчтык операциясынын 50 жылдыгын эскерүү жагынан да маанилүү.
Даректүү тасманын даярдык баскычында Түндүк Кипр Түрк Республикасында жана Түркияда, ошондой эле Англия, Греция, Франция, Испания жана Түштүк Кипрде съёмкалар жана интервьюлар өткөрүлдү.
Кипр түрктөрүнүн каршылыгы башталган Эренкөйдө да мурда жарыяланбаган кеңири түшүндүрмөлөр орун алды.
TRT World тобу Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлүндөгү буфердик аймакта да маектерди өткөрдү.
Даректүү тасма үчүн 50гө жакын адам, анын ичинде саясатчылар, мурдагы президенттер, министрлер, дипломаттар, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү, тарыхчылар, моджахеддер, ардагерлер жана көптөгөн күбөлөр менен маектешүүлөр болду.