Гордион дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой: "ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине 20-байлыгыбызды да каттадык"

2038858
Гордион дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди

Борбор шаар Анкаранын Полатлы районундагы байыркы мезгилдин эң маанилүү археологиялык аянттарынан Гордион шаары Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму (ЮНЕСКО) тарабынан «Дүйнөлүк мурас» деп жарыяланды.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине 20-байлыгыбызды да каттадык. Анкаранын уникалдуу маданий байлыктарынын бири болгон байыркы Гордион шаары "Дүйнөлүк мурас" болду»,-деп айтты.

Эрсой өз билдирүүсүндө: «Бирок, али бүтө элек! ЮНЕСКОдон жаңы сүйүнчүнү күтүүдөбүз. Анадолунун жыгач таянычтуу мечиттеринен күткөн жакшы кабар менен Дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги саныбызды дагы да көбөйтөбүз»,- деди.

Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар комитетинин 45-жыйынында чыгарылган чечим менен Фригия цивилизациясынын борбор шаары Гордион эми дүйнөлүк мурас катары корголот.

Эң узак убакытка отурукташуу байкалган сейрек аймактардын бири болгон Гордиондогу отурукташуу биздин заманга чейинки 2500-жылдары (Эрте коло доору) башталып, бүгүнкү күндө байыркы шаарга чектеш жайгашкан Яссыхөйүктө уланууда.

Байыркы шаар жана анын айланасында 4500 жылга созулган отурукташуу, Гордионду дүйнөдөгү «эң узак отурукташуу болгон сейрек аймактардын» бирине айландырат.



Тектеш кабарлар