Канн кинофестивалында эң мыкты актриса сыйлыгын Мерве Диздар алды

Кино дүйнөсүндөгү эң маанилүү иш-чаралардын бири болгон 76-Канн кинофестивалынын сыйлык ээлери аныкталды.

1991834
Канн кинофестивалында эң мыкты актриса сыйлыгын Мерве Диздар алды

Францияда өткөрүлгөн 76-Канн кинофестивалында «Кургак чөптөр жөнүндө» тасмасындагы ролу үчүн түрк актрисасы Мерве Диздарга эң мыкты актриса сыйлыгы берилди.

Кино дүйнөсүндөгү эң маанилүү иш-чаралардын бири болгон 76-Канн кинофестивалынын сыйлык ээлери аныкталды.

Режиссер Нури Билге Жейландын «Кургак чөптөр жөнүндө» тасмасындагы ролу үчүн актриса Мерве Диздар «Эң мыкты актриса» сыйлыгын алды.

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) тарабынан даярдалган тасмада Чыгыш Анадолуда милдеттүү кызматын өтөп жаткан сүрөт мугалими Саметтин башынан өткөн жана түшүнүү кыйын болгон окуяларга көңүл бурулат.

Ал арада фестивалда «Кургак чөптөр жөнүндө» тасмасынын дүйнөлүк бет ачары болду.

Француздук Жюстин Трие тарткан «Анатомиянын кулашы» тасмасы  «Алтын пальма бутагын» жеңип алды.

Калыстар тобунун баш байгесин Жонатан Глейзер тарткан «Кызыкчылык зонасы» тасмасы жеңип алды.

Эң мыкты сценарий сыйлыгы «Монстр» тасмасына, ал эми мыкты актер сыйлыгы ушул эле тасмадагы ролу үчүн Кожи Якушого ыйгарылды.



Тектеш кабарлар