Түрк ашканасынын даамдуу тамактары чет өлкөдө таанытылды

Эмине Эрдогандын жетекчилигинде Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен 21-27-май күндөрү «Түрк ашканасынын жумалыгы» белгиленүүдө.

1991396
Түрк ашканасынын даамдуу тамактары чет өлкөдө таанытылды
ingiltere'de turk mutfagi.jpg
viyana turk mutfagi.jpg
hatay mutfagi.jpg
viyana turk mutfagi.jpg

Түрк ашканасы жумалыгынын алкагында Хатайдын даамдуу тамактары чет өлкөдө таанытылды.

Австрияда Түркиянын Вена элчилигинде өткөрүлгөн иш-чарага көптөгөн чет элдик дипломаттар катышты.

Иш-чарада конокторго Хатайдын даамдуу тамактары тартууланып, Хатайды тааныткан белектер берилди.

Англияда да француз ашпозчулук мектеби Le Cordon Bleuнун Лондон борборунда иш-чара өттү.

Иш-чарада дасторкон жайылып, ашпозчулар Хатай ашканасына таандык кебабдарды жасашты, ошондой эле түрк ашканасынын маданиятын жана байлыгын түшүндүрүштү.

Парагвайда да Түркиянын Асунсьон элчилиги тарабынан Гастрономия институтунда ашпозчулар жана кулинардык мектеп окуучулары үчүн ашпозчулук семинары уюштурулду.

Иш-чарада элчи Серхат Аксендин жубайы Мелтем Аксен дени сак, туруктуу жана таштандысыз жактары менен салттуу түрк ашканасы тууралуу маалымат берди.

Аксен катышуучуларга жасмыктан котлеттерди жасап көрсөттү.

Катышуучуларга түрк чай маданияты да таанытылды.

Иш-чаранын аягында катышуучулар түрк чайы менен бирге жасмыктан жасалган котлеттерден даам татышты.

Гастрономия институтунун кызматкерлери, жумалыктын алкагында эки жылдан бери элчилик тарабынан уюштурулган иш-чаралардын ашпозчулардын жана ашпозчу талапкерлердин көңүлүн бурганын билдиришти.

Жетекчилер, өткөн жылы белекке берилген «Кылым карыткан рецепттер менен түрк ашканасы» китебинин окуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен колдонулганын, кондитер курсунда даярдалган түрк тамактарынын да окуу программасына киргизилгенин айтышты.

Президент Режеп Таййп Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын жетекчилигинде Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен 21-27-май күндөрү «Түрк ашканасынын жумалыгы» белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар