Түрк ашканасынын даамдары Хорватия жана Египетте таанытылды

Түрк ашканасынын жумалыгына байланыштуу Түркиянын Загреб элчилигинин координациясында иш-чара өткөрүлдү. Түркиянын Каирдеги элчилигинде иш-чара болуп, Хатайдан келген түрк ашканасы жана даамдары тааныштырылды.

1989752
Түрк ашканасынын даамдары Хорватия жана Египетте таанытылды
misir turk mutfagi.jpg
misir turk mutfagi.jpg
hirvatistan turk mutfagi etkinligi.jpg
turk mutfagi.jpg

Түрк ашканасынын даамдары Хорватия жана Египетте таанытылды.

Президенттиктин колдоосунда быйыл экинчи жолу уюштурулган Түрк ашканасынын жумалыгы Хорватиянын борбор шаары Загребде түрдүү иш-чаралар менен белгиленди.

Түрк ашканасынын жумалыгына байланыштуу Түркиянын Загреб элчилигинин координациясында иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында өткөн жылы гастрономия тармагында Президенттиктин маданият жана искусство чоң сыйлыктары менен сыйланган ашпозчу Юнус Эмре Аккор Түркиянын жергиликтүү тамактарын жасады.

Миң жылдан ашуун маданияттын, каада-салттын, коомдук мурастын, аңгеменин жана терең тажрыйбанын жемиши болгон бай түрк ашканасынын даамдары конокторго тартууланды.

Египеттин борбор шаары Каирде да түрк ашканасы таанытылды.

Түркиянын Каирдеги элчилигинде иш-чара болуп, Хатайдан келген түрк ашканасы жана даамдары тааныштырылды.

Каир элчилигинде өткөн иш-чарага көптөгөн өнөрпоздор, мамлекеттик ишмерлер жана чет элдик өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар түрк ашканасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты жана Хатай тамактарынан даам татышты.



Тектеш кабарлар